28.06.2021 № 563 2021-жылы 23-июнунда өткөрүлгөн Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кашка-Жол жана Кара-Кочкор айыл өкмөттөрүнүн башчыларын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
2021-жылы 23-июнунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 9-июнундагы № 381 токтому менен дайындалган Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кашка-Жол жана Кара-Кочкор айыл өкмөттөрүнүн башчыларын кайра шайлоо болуп өттү.
Кашка-Жол айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 3 талапкер – Турдуев Сагынбек Бокоевич, Эрмекбаев Пазилидин Алимович, Жаныбеков Адилет Жаныбекович катталган. Талапкерлер Кашка-Жол айылдык кеңештин депутаттарынан сунушталган.
Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 23-июнундагы протоколу менен Кашка-Жол айылдык кеңешиндеги 21 депутаты катышып, С.Б. Турдуев - 5 добуш, П.А. Эрмекбаев – 4 добуш, А.Ж. Жаныбеков – 11 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 1 добуш берилгендиги белгиленген.
Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиясынын кайра шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 23-июнундагы протоколу менен Жаныбеков Адилет Жаныбекович Кашка-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.
Кара-Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 3 талапкер – Амиракулов Үмөтбек Орозбаевич, Темирбаев Ысак Бакыевич, Аттокуров Жанышбек Камчыбекович катталган. Талапкерлер Кара-Кочкор айылдык кеңештин депутаттарынан сунушталган.
Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 23-июнундагы протоколу менен Кара-Кочкор айылдык кеңешиндеги эки турдагы шайлоодо 21 депутаты катышып, биринчи турунда, У.О. Амиракунов - 8 добуш, Ы.Б. Темирбаев – 8 добуш, Ж.К. Аттокуров – 4 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 1 добуш берилгендиги белгиленген.
Экинчи турунда У.О. Амиракулов - 10 добуш, Ы.Б. Темирбаев – 11 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 0 добуш берилгендиги белгиленген.
Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиясынын кайра шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 23-июнундагы протоколу менен Темирбаев Ысак Бакыевич Кара-Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.
Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кашка-Жол жана Кара-Кочкор айыл өкмөттөрүнүн башчыларын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана шайлоонун натыйжаларына арыз, даттануулар түшкөн жок.
2021-жылдын 23-июнундагы Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиясынын Кашка-Жол жана Кара-Кочкор айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген «Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө» Жобосуна ылайык,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2021-жылы 23-июнунда өткөрүлгөн Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кашка-Жол жана Кара-Кочкор айыл өкмөттөрүнүн башчыларын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 23-июнундагы протоколдору бекитилсин.
1.1. Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кашка-Жол жана Кара-Кочкор айыл өкмөттөрүнүн башчыларын кайра шайлоо өттү деп табылсын.
1.2. Жаныбеков Адилет Жаныбекович Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кашка-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.
1.3. Темирбаев Ысак Бакыевич Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кара-Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.
2. Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиясы шайланган Кашка-Жол жана Кара-Кочкор айыл өкмөттөрүнүн башчыларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү тапшырсын.
3. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Г. Бекматовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н.К.ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2021-жылдын 28-июну
№ 563