27.12.2021 №840 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттарын кайра шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш-чараларынын календардык планы жөнүндө
2022-жылдын 27-февралына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин №27 Биринчи май жана №29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округтарынын депутаттарын кайра шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш-чараларынын календардык планы жөнүндө
«Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесин жетекчиликке алып, «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 27-декабрындагы №839 токтому менен дайындалган Жогорку Кеңешинин №27 Биринчи май жана №29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округтарынын депутаттарын кайра шайлоону даярдоону жана өткөрүүнү уюштуруу максатында,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2022-жылдын 27-февралына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин №27 Биринчи май жана №29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округтарынын депутаттарын кайра шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш-чараларынын календардык планы бекитилсин (тиркелет).
2. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У. Шайназаровго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н.ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш, 2021-жылдын 27-декабры
№ 840