27.09.2023 №94 Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын кээ бир токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын кээ бир токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык Жети-Өгүз АШКнын 2023-жылдын 16-сентябрындагы №10 чечими менен 2023-жылдын 8-октябрына дайындалган Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Саруу айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодо бюллетендердин текстти бекитилген.
«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, шайлоо бюллетендеринин формасы жана аны сактоо даражасы Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан аныкталат.
«Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин, «Катуу көзөмөлдөгү отчеттуулук документтерин даярдоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 22-сентябрындагы № 540 токтомун, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 22-январындагы №13 токтому менен бекитилген «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө шайлоо бюллетендерин даярдоо, өткөрүп берүү жана сактоо тартиби жөнүндө» жобону жетекчиликке алып,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «2023-жылдын 8-октябрына дайындалган Ысык-Кѳл облусунун Жети-Өгүз районундагы Саруу айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодо аралыктан добуш берүүнү жана идентификациялоонун модернизацияланган жабдууларын пилоттук режиминде апробациялоо жѳнүндѳ» 2023-жылдын 8-сентябрындагы №85 токтомуна тѳмѳндѳгүдѳй ѳзгѳртүүлѳр киргизилсин:
- токтомдун аталышындагы «идентификациялоонун» деген сѳз алып салынсын;
- токтомдун 1-пунктундагы «шайлоо участкаларында шайлоочуларды идентификациялоонун мультифункционалдык жабдуулары» деген сѳздѳр «добуш берүү үчүн модернизацияланган жабдуулар» деген сѳздѳргѳ алмаштырылсын.
2. «2023-жылдын 8-октябрына дайындалган Ысык-Кѳл облусундагы Жети-Өгүз районунун Саруу айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодогу шайлоо бюллетендери жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2023-жылдын 24-сентябрындагы №91 токтомуна тѳмѳндѳгүдѳй ѳзгүртүүлѳр киргизилсин:
- токтомдун 1-пунктунда:
«формасы» деген сѳздѳн кийин «жана коргоо даражасы» деген сѳздѳр менен толукталсын;
1-тиркеме бул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
- 3-пункт тѳмѳндѳгүдѳй редакцияда баяндалсын:
«3. Бул токтомдун 1-пунктунда кѳрсѳтүлгѳн шайлоо бюллетендерин даярдоо Бишкек шаары, Ибраимов кѳчѳсү, 24 дареги боюнча жайгашкан «Учкун» ААКсында ишке ашырылсын.»;
- 4-пункт тѳмѳндѳгүдѳй редакцияда баяндалсын:
«4. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппараты:
- мыйзам белгиленген тартибинде шайлоо бюллетендерин Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясына жеткирүүнү жана ѳткѳрүп берүүнү камсыз кылуу боюнча чараларды кѳрсүн;
- Кыргыз Республикасынын аймагында пилоттук режимде колдонулуучу жабдууларды кргизүүгө жана алып чыгууга байланышкан уюштуруучулук-укуктук мүнѳздѳгү маселелерди чечсин;
- шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгы жана маалыматтык-коммуникациялык технологиялар башкармалыгы бул токтомдун
1-пунктунда көрсөтүлгөн шайлоо бюллетендерин даярдоо процессинде шайлоо бюллетендеринин формасынын жана коргоо даражасынын талаптарын камсыздоо максатында алдын-ала тестирлөөнү ишке ашырсын.».
3. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын (тиркемесиз).
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын тѳрагасынын орун басары Т.У. Шайназаровго жүктѳлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш. 2023-жылдын 27-сентябры
№94