27.05.2023г. № 55 Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, талапкерлердин катталган тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлер

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, талапкерлердин катталган тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Кара-Кулжа, Өзгөн, Кара-Буура, Түп жана Кадамжай аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды өткөрүп берүү жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын төмөнкү чечимдери келип түштү:

- Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиясынын (16.05.2023-ж. №17, 18)   Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Сары-Булак айылдык кеңеши боюнча;

- Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын (05.05.2023-ж. №9, 25.04.2023-ж. №8) – Ош облусунун Өзгөн районундагы Дөң-Булак жана Көлдүк айылдык кеңештери боюнча;

- Кара-Буура аймактык шайлоо комиссиясынын (16.05.2023-ж. №16) – Талас облусунун Кара-Буура районундагы Бакыян айылдык кеңеши боюнча;

- Түп аймактык шайлоо комиссиясынын (28.04.2023-ж. №10, 11) – Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Арал, Михайловка, Сары-Булак жана Сан-Таш айылдык кеңештери боюнча;

- Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынын (25.05.2023-ж. №7, 8) – Баткен облусунун Кадамжай районундагы Алга айылдык кеңеши боюнча.

Ошондой эле депутаттыкка талапкерлердин катталган тизмесинен талапкерлерди чыгаруу жөнүндө төмөнкү аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдери келип түштү:

- Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынын (25.05.2023-ж. №8)  Баткен облусунун Кадамжай районундагы Алга айылдык кеңеши боюнча;

- Түп аймактык шайлоо комиссиясынын (28.04.2023-ж. №10) – Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Сары-Булак айылдык кеңеши боюнча.

Аталган чечимдер «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине жана «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык кабыл алынган.

«Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 28-пунктуна ылайык, «Борбордук шайлоо комиссиясы жергиликтүү кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерлерди катталган тизмеден чыгаруу жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитет».

Аймактык шайлоо комиссияларынын бекитүүгө келип түшкөн чечимдеринин «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин жана «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө»  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 5-беренелеринин талаптарына ылайыктуулугун карап чыгып, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кара-Кулжа, Өзгөн, Кара-Буура, Түп жана Кадамжай аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимдери 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кадамжай жана Түп аймактык шайлоо комиссиясынын талапкерлердин катталган тизмесинен талапкерлерди чыгаруу боюнча чечимдери 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.

3. Кара-Кулжа, Өзгөн, Кара-Буура, Түп жана Кадамжай аймактык шайлоо комиссияларынын бош калган мандаттарды талапкерлерге жана саясий партиялардын талапкерлеринин катталган тизмесиндеги талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери 3-тиркемеге ылайык бекитилсин.

4. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, анык эмес деп таанылсын.

5. Кара-Кулжа, Өзгөн, Кара-Буура, Түп жана Кадамжай аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын 3-тиркемеге ылайык каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырсын.

6. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

7. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.

8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У. Шайназаровго жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                       Н. ШАЙЛДАБЕКОВА                                  

Бишкек ш., 2023-жылдын 27-майы

№55