07.03.2022 № 26 № 27 Биринчи май бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын кайра шайлоо натыйжалары тууралуу
№ 27 Биринчи май бир мандаттуу шайлоо округу боюнча
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын кайра шайлоо натыйжалары тууралуу
“№27 Биринчи бай жана № 29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоону дайындоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 27-декабрындагы № 839 Токтому менен №27 Биринчи май жана № 29 Свердлов шайлоо округдары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоо 2022-жылдын 27-февралына дайындалды.
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо округдарынын схемасы жана чек аралары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 5-сентябрындагы №684 токтому менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо шайлоо округдарынын схемасы жана №27 Биринчи май бир мандаттуу шайлоо округунун чек арасы бекитилген.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоодо № 27 Биринчи май шайлоо округу боюнча добуш берүүлөрдү өткөрүү Биринчи май бир мандаттуу шайлоо округунда үчүн 60 шайлоо участогу уюштурулган.
№27 Биринчи май бир мандаттуу шайлоо округунда 113 105 шайлоочу тизмеге киргизилген, алардын ичинен 19 232 шайлоочу добуш берүүгө катышып, бул 17% түздү.
№ 27 Биринчи май бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын кайра шайлоодо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына 27 талапкерди каттады. Анын ичинен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу арызын негизинде катталган эки талапкерди каттоо жокко чыгарылган (Давлянов Д. Т., Тилектешов У.Т.). Кайра шайлоодо 25 талапкер шайлоого катышты.
№27 Биринчи май бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоо боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө округдук шайлоо комиссиясынын 2022-жылдын 3-мартындагы Протоколуна ылайык, талапкерлер шайлоочулардын төмөнкүдөй сандагы добушун алышты:
1. Нурматов Темирбек Асанович - 98 добуш (0,51%);
2. Нурдинов Бейшеналы - 569 добуш (2,96%);
3. Тотонов Нурбек Темирбекович - 3 544 добуш (18,43%);
4. Сурабалдиева Эльвира Жыргалбековна - 9 225 добуш (47.97%);
5. Искендеров Эльман Хыдырович - 78 добуш (0,41%);
6. Кермалиев Таалайбек Женишович - 138 добуш (0,72%);
7. Мамбетсадыков Азамат Нурбекович - 131 добуш (0,68%);
8. Келгенбаев Акжолтой Коконбаевич - 172 добуш (0,89 %);
9. Савин Виктор Евгеньевич - 614 добуш (3,19%);
10. Ибраймакунов Данияр Омурбекович - 150 добуш (0,78%);
11. Акылбеков Русланбек Акылбекович - 244 добуш (1,27%);
12. Капаров Чынгыз Капарович - 155 добуш (0,81%);
13. Ремнев Роман Павлович - 112 добуш (0,58%);
14. Сыдыков Урматбек Мукамбетжусупович - 63 добуш (0,33%);
15. Гапаров Адылбек Абдикаримович - 79 добуш (0,41%);
16. Тагайбек Султан - 38 добуш (0,20%);
17. Абдыкадыр Уулу Бектур - 201 добуш (1,05%);
18. Мусаев Тахир Насырович - 736 добуш (3,83%);
19. Сартаев Анвар Айдарович - 84 добуш (0,44%);
20. Абдыразакова Айжан Улановна - 111 добуш (0,58%);
21. Токтокожоев Таалайбек Самудинович - 161 добуш (0,84%);
22. Акеров Тавылды Абдраманович - 158 добуш (0,82%);
23. Токтакунов Нурбек Акбарович - 1068 добуш (5,55%);
24. Сариев Акылбек Аблабекович - 72 добуш (0,37%);
25. Жуков Виталий Юрьевич - 195 добуш (1,01%);
26. «Баарына каршы» позициясына 935 шайлоочу добуш берген (4,86%).
“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 64-беренесинин 51-бөлүгүнө ылайык, “Бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин шайланган депутаты деп ушул бир мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын кыйла көп добушун алган талапкер таанылат”.
№ 27 Биринчи май бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде 7 арыз жана даттануу (шайлоочулардын арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча Жумушчу топко – 4, ЫЧКГга -3) түштү. Түшкөн бардык арыздар жана даттануулар каралып, алар боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечимдер кабыл алынып, жазуу түрүндө жооптор берилген.
№ 27 Биринчи май бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралуу округдук шайлоо комиссиясынын 2022-жылдын 3-мартындагы протоколунун негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 37-беренесинин 4-бөлүгүнө, 38,63-беренелерине, 64-беренесинин 51-бөлүгүнө ылайык, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3-беренесин, 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 26-пунктун, 8-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. № 27 Биринчи май бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын кайра шайлоо өттү деп таанылсын.
2. Сурабалдиева Эльвира Жыргалбековна № 27 Биринчи май бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин шайланган депутаты деп таанылсын.
3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т. Шайназаровго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н.ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш. 2022-жылдын 7-марты
№26