25.06.2021 № 558 2021-жылы 11-июнунда өткөрүлгөн Ысык-Көлоблусунун Жети-Өгүзрайонунун Кызыл-Сууайыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасытууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
2021-жылы 11-июнунда өткөрүлгөн Ысык-Көлоблусунун Жети-Өгүзрайонунун Кызыл-Сууайыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасытууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
2021-жылы 11-июнунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 25-майындагы №316токтому менен дайындалган Ысык-Көлоблусунун Жети-ӨгүзрайонунунКызыл-Сууайыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү.
Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 2 талапкер – Алымов Манас Кадырович, Шамырканов Мирбек Турдубекович катталган. Талапкерлер Кызыл-Суу айылдык кеңешинин депутаттарынан сунушталган.
Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 11-июнундагы протоколу менен Кызыл-Суу айылдык кеңешиндеги баардык 21 депутаты катышып, М.К. Алымовго –12 добуш, М.Т. Шамыркановго– 9 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 0 добуш берилгендиги белгиленген.
Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 11-июнундагы протоколу менен Алымов Манас Кадырович Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.
Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгына жана шайлоонун натыйжасына Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына 2 арыз келип түшкөн.Келип түшкөн арыздар каралып, алар боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечимдер кабыл алынды.
2021-жылдын 11-июнундагыЖети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясынын Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынчабашкаруужөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын49-беренесинеылайык,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүүбоюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2021-жылы 11-июнундаөткөрүлгөн Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунунКызыл-Суу айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясынын2021-жылдын11-июнундагыпротоколдору бекитилсин.
1.1. Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.
1.2. Алымов Манас Кадырович Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.
2. Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясы шайланган Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү тапшырсын.
3. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Бекматовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2021-жылдын 25-июну
№558