25.06.2021 № 556 2021-жылы 21-июнунда өткөрүлгөн Ош облусунун Алайрайонунун Ленин айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжаларытууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
2021-жылы 21-июнунда өткөрүлгөн Ош облусунун Алайрайонунун Ленин айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
2021-жылы 21-июнунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын7-июнундагы № 369токтому менен дайындалган Ош облусунун Алайрайонунун Ленин айыл өкмөтүнүн башчысынкайра шайлоо болуп өттү.
Ленин айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 2 талапкер –Мамыров Тынчтыкбек Асилбекович, Субанов Бактыулан Мураталиевичкатталган. ТалапкерлерЛенинайылдык кеңештин депутаттарынан сунушталган.
Алайаймактыкшайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 21-июнундагыпротоколу менен Ленин айылдык кеңешиндеги 21 депутаттын 20 депутатыкатышып,Т.А. Мамыров - 9 добуш, Б.М. Субанов – 11 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 0 добуш берилгендиги белгиленген.
Алайаймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 21-июнундагыпротоколу мененСубанов Бактыулан МураталиевичЛенин айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.
Ош облусунун Алайрайонунун Ленин айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана шайлоонун натыйжаларына арыз, даттануулар түшкөн жок.
2021-жылдын 21-июнундагыАлайаймактык шайлоо комиссиясынын Ленин айыл өкмөтүнүн башчысынкайра шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасыныншайлоо жанареферендум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынчабашкаруужөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын49-беренесинеылайык,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2021-жылы 21-июнунда өткөрүлгөн Ош облусунун Алай районунун Ленин айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу Алай аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 21-июнундагы протоколдору бекитилсин.
1.1. Ош облусунун Алайрайонунун Ленин айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо өттү деп табылсын.
1.2. Субанов Бактыулан Мураталиевич Ош облусунун Алай районунун Ленин айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.
2. Алай аймактык шайлоо комиссиясы шайланганЛенин айыл өкмөтүнүн башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү тапшырсын.
3. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Г. Бекматовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2021-жылдын 25-июну
№ 556