23.06.2022 №64 Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Кара-Суу, Токтогул, Ле
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Кара-Суу, Токтогул, Лейлек жана Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине жана «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык Кара-Суу, Токтогул, Лейлек жана Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттыгына талапкерлерге жана саясий партиялардын катталган тизмесиндеги талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерди кабыл алышкан.
«Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерине, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине жана «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине ылайык,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу, Токтогул, Лейлек жана Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча чечимдери 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кара-Суу, Токтогул, Лейлек жана Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссияларынын бош калган мандаттарды талапкерлерге жана саясий партиялардын катталган тизмесиндеги талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, анык эмес деп таанылсын.
4. Кара-Суу, Токтогул, Лейлек жана Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын 2-тиркемеге ылайык каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырсын.
5. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
6. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У. Шайназаровго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2022-жылдын 23-июну
№ 64