23.06.2021 № 552 2021-жылы 15, 16, 17, 18 -июнунда өткөрүлгөн Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Кочкорбаев, Туз, Ново-Покровка, Интернациональный, Люксембург, Логвиненко, Ак-Кудук айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары

2021-жылы 15, 16, 17, 18 -июнунда өткөрүлгөн Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Кочкорбаев, Туз, Ново-Покровка, Интернациональный, Люксембург, Логвиненко, Ак-Кудук айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

 

2021-жылы 15, 16, 17, 18 -июнунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын31-майындагы № 352, 2021-жылдын1-июнундагы № 356 токтомдору менен дайындалган Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Кочкорбаев, Туз, Ново-Покровка, Интернациональный, Люксембург, Логвиненко, Ак-Кудук айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо болуп өттү.

Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 3 талапкер – Алабачев Эмиль Джаманкулович, Керимкулов Эркинбек Казбекович жана Темиров Чаа Сыргакович катталышкан. Талапкерлер Алабачев Эмиль Джаманкулович, Керимкулов Эркинбек Казбекович жана Темиров Чаа Сыргакович Кочкорбаев айылдык кеңешинин депутаттарынан сунушталышкан.

Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 15-июнундагы протоколу менен Кочкорбаев айылдык кеңешиндеги 21 депутаттын 21 депутаты катышып, Э.Д. Алабачевге– 7 добуш, Э.К. Керимкуловго12 добуш, Ч.С. Темировго2 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 0 добуш берилгендиги белгиленген.

Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 15-июнундагы протоколу менен Керимкулов Эркинбек Казбекович Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.

Туз айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 1 талапкер – Шакулов Айбек Джолдошбекович катталган. Талапкер Шакулов Айбек Джолдошбекович Туз айылдык кеңешинин депутаттарынан сунушталган.

Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 15-июнундагы протоколу менен Туз айылдык кеңешиндеги 11 депутаттын 11 депутаты катышып, А.Д. Шакуловго10 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына - 1 добуш берилгендиги белгиленген.

Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 15-июнундагы протоколу менен Шакулов Айбек Джолдошбекович Туз айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.

Ново-Покровка айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 2 талапкер – Кубанычбек теги Медер Анарбек уулу жана Мамыркулов Бахтяр Мересбекович катталышкан. Талапкерлер Кубанычбек теги Медер Анарбек уулу жана Мамыркулов Бахтяр МересбековичНово-Покровка айылдык кеңешинин депутаттарынан сунушталышкан.

Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 16-июнундагы протоколу менен Ново-Покровка айылдык кеңешиндеги баардык 21 депутаттын 21 депутаты катышып, Кубанычбек теги Медер Анарбек уулу– 7 добуш, Б.М. Мамыркуловго14 добуш,«бардык талапкерлерге каршы» позициясына - 0 добуш берилгендиги белгиленген.

Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 16-июнундагы протоколу менен Мамыркулов Бахтяр Мересбекович Ново-Покровка айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.

Интернациональный айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 3 талапкер – Камчыбеков Азат Сагынбекович, Оморов Сагынбек Сабыркулович жана Чекиров Сейит Муратовичкатталышкан. Талапкерлер Камчыбеков Азат Сагынбекович, Оморов Сагынбек Сабыркулович жана Чекиров Сейит Муратович Интернациональный айылдык кеңешинин депутаттарынан сунушталышкан.

Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 16-июнундагы протоколу менен Интернациональный айылдык кеңешиндеги 11 депутаттын 11 депутаты катышып, А.Б. Камчыбековго6 добуш, С.М. Чекировго5 добуш, С.С. Оморовго0 добуш,«бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 0 добуш берилгендиги белгиленген.

Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 16-июнундагы протоколу менен Камчыбеков Азат Сагынбекович Интернациональный айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.

Люксембург айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 1 талапкер – Буйляшев Эсенбол Туратович катталган. Талапкер Буйляшев Эсенбол Туратович Люксембург айылдык кеңешинин депутаттарынан сунушталган.

Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 17-июнундагы протоколу менен Люксембург айылдык кеңешиндеги 21 депутаттын 21 депутаты катышып, Э.Т. Буйляшевге21 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына - 0 добуш берилгендиги белгиленген.

Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 17-июнундагы протоколу менен Буйляшев Эсенбол Туратович Люксембург айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.

Логвиненко айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 2 талапкер – Асанбеков Адилет Асанбекович жана Качкын кызы Гульназ катталышкан. Талапкерлер Асанбеков Адилет Асанбекович жана Качкын кызы Гульназ Логвиненко айылдык кеңешинин депутаттарынан сунушталышкан.

Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 17-июнундагы протоколу менен Логвиненко айылдык кеңешиндеги 21 депутаттын 20 депутаты катышып,А.А. Асанбековго15 добуш, Качкын кызы Г.5 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 0 добуш берилгендиги белгиленген.

Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 17-июнундагы протоколу менен Асанбеков Адилет АсанбековичЛогвиненко айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.

Ак-Кудук айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 1 талапкер – Суваналиев Улан Шайлобекович катталган. Талапкер Суваналиев Улан Шайлобекович Ак-Кудук айылдык кеңешинин депутаттарынан сунушталган.

Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 18-июнундагы протоколу менен Ак-Кудук айылдык кеңешиндеги 11 депутаттын 11 депутаты катышып, У.Ш. Суваналиевге8 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына - 3 добуш берилгендиги белгиленген.

Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 18-июнундагы протоколу менен Суваналиев Улан ШайлобековичАк-Кудук айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.

Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Кочкорбаев, Туз, Ново-Покровка, Интернациональный, Люксембург, Логвиненко, Ак-Кудук айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана шайлоонун натыйжаларына арыз, даттануулар түшкөн жок.

2021-жылдын 15, 16, 17, 18-июнундагы Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын Кочкорбаев, Туз, Ново-Покровка, Интернациональный, Люксембург, Логвиненко, Ак-Кудук айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде,«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө»Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын29-беренесине ылайык,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Чүй облусунун Ысык-Ата районунун 2021-жылдын 15-июнунда өткөрүлгөн Кочкорбаев жана Туз айыл өкмөттөрүнүн, 2021-жылдын 16-июнунда өткөрүлгөн Ново-Покровка жана Интернациональный айыл өкмөттөрүнүн, 2021-жылдын 17-июнунда өткөрүлгөн Люксембург жана Логвиненко айыл өкмөттөрүнүн, 18-июнунда өткөрүлгөн Ак-Кудук айыл өкмөтүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 15, 16, 17, 18 -июнундагы протоколдору бекитилсин.

1.1. Чуй облусунун Ысык-Ата районунун Кочкорбаев, Туз, Ново-Покровка, Интернациональный, Люксембург, Логвиненко, Ак-Кудук айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо өттү деп табылсын.

1.2. Керимкулов Эркинбек Казбекович Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

1.3. Шакулов Айбек ДжолдошбековичЧүй облусунун Ысык-Ата районунун Тузайыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

1.4. Мамыркулов Бахтияр Мересбекович Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Ново-Покровкаайыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

1.5. Камчыбеков Азат Бирликбекович Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Интернациональныйайыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

1.6. Буйляшев Эсенбол Туратович Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Люксембургайыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

1.7. Асанбеков Адилет Асанбекович Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Логвиненкоайыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

1.8. Суваналиев Улан Шайлобекович Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Ак-Кудукайыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

2. Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясы Кочкорбаев, Туз, Ново-Покровка, Интернациональный, Люксембург, Логвиненко, Ак-Кудук айыл өкмөттөрүнүн башчыларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү тапшырсын.

3. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Бекматовго жүктөлсүн.

 

 

ТӨРАГА                             Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2021-жылдын -июну

№552