23.06.2021 № 547 2021-жылы 18-июнунда өткөрүлгөн Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Атай айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

2021-жылы 18-июнунда өткөрүлгөн Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Атай айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

2021-жылы 18-июнунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 4-июнундагы №362 токтому менен дайындалган Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торорайонунун Атай айыл өкмөтүнүн башчысынкайра шайлоо болуп өттү.

Атай айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 4 талапкер – Ташматов Замирбек Кыязбекович, Жаныбаев Аскербек Карыпбекович, Өмүрбек уулу Таалайбек, Манапбаева Кардыгач Медеткановна катталган. Талапкерлер Атай айылдык кеңешинин депутаттарынан сунушталган.

Тогуз-Торо аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 18-июнундагы протоколу менен Атайайылдык кеңешиндеги 11 депутаттын11 депутаты катышып,З. Ташматовго – 0 добуш, А. Жаныбаевге– 6 добуш, Өмүрбек уулу Таалайбекке – 4 добуш, К. Манапбаевага– 1 добуш берилгендиги белгиленген.

Тогуз-Торо аймактык шайлоо комиссиясынын кайра шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 18-июнундагы протоколу менен Жаныбаев Аскербек КарыпбековичАтайайыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.

Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торорайонунун Атай айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана шайлоонун натыйжаларына арыз, даттануулар түшкөн жок.

2021-жылдын 18-июнундагыТогуз-Тороаймактык шайлоо комиссиясынын Атайайыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынчабашкаруужөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын29-беренесинеылайык,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. 2021-жылы 18-июнундаөткөрүлгөн Жалал-Абад облусунун Тогуз-ТорорайонунунАтайайыл өкмөтүнүн башчысынкайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу Тогуз-Тороаймактык шайлоо комиссиясынын2021-жылдын18-июнундагыпротоколдору бекитилсин.

1.1. Жалал-Абадоблусунун Тогуз-Торорайонунун Атайайыл өкмөтүнүн башчысынкайра шайлоо өттү деп табылсын.

1.2. Жаныбаев Аскербек КарыпбековичЖалал-Абадоблусунун Тогуз-Торорайонунун Атайайыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

2. Тогуз-Тороаймактык шайлоо комиссиясы шайланган Атайайыл өкмөтүнүн башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү тапшырсын.

3. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Бекматовго жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                                           Н. ШАЙЛДАБЕКОВА                                                                                                             

Бишкек ш., 2021-жылдын 23-июну

№547