23.06.2021 № 545 2021-жылы 18-июнунда өткөрүлгөн Жалал-Абадоблусунун Ноокенрайонунун Аралайыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
2021-жылы 18-июнунда өткөрүлгөн Жалал-Абадоблусунун Ноокенрайонунун Аралайыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
2021-жылы 18-июнунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын4-июнундагы №362токтому менен дайындалган Жалал-Абадоблусунун НоокенрайонунунАралайыл өкмөтүнүн башчысынкайра шайлоо болуп өттү.
Арал айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 2 талапкер – Омурзаков Нурбек Абдикаримович, Надырбеков Адылбек Орозбековичкатталган. Талапкерлер Арал айылдык кеңешинин депутаттарынан сунушталган.
Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 18-июнундагы протоколу менен Аралайылдык кеңешиндеги 21 депутаттын 19 депутатыкатышып,1 турда: Н. Омурзаковго –10 добуш, А. Надырбековго– 9 добуш;2 турда: Н. Омурзаковго –14 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 5 добуш берилгендиги белгиленген.
Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын кайра шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 18-июнундагы протоколу менен Омурзаков Нурбек АбдикаримовичАралайыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.
Жалал-Абад облусунун Ноокенрайонунун Арал айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана шайлоонун натыйжаларына арыз, даттануулар түшкөн жок.
2021-жылдын 18-июнундагыНоокенаймактык шайлоо комиссиясынын Аралайыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынчабашкаруужөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын29-беренесинеылайык,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2021-жылы 18-июнундаөткөрүлгөн Жалал-Абад облусунун НоокенрайонунунАралайыл өкмөтүнүн башчысынкайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу Ноокенаймактык шайлоо комиссиясынын2021-жылдын18-июнундагыпротоколдору бекитилсин.
1.1. Жалал-Абадоблусунун Ноокенрайонунун Аралайыл өкмөтүнүн башчысынкайра шайлоо өттү деп табылсын.
1.2. Омурзаков Нурбек АбдикаримовичЖалал-Абадоблусунун Ноокенрайонунун Аралайыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.
2. Ноокенаймактык шайлоо комиссиясы шайланган Аралайыл өкмөтүнүн башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү тапшырсын.
3. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Бекматовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2021-жылдын 23-июну
№545