22.03.2023 №20 Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, талапкерлердин катталган тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, талапкерлердин катталган тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Нарын шаардык, Ош, Кадамжай, Балыкчы, Аламүдүн, Сокулук, Кемин, Талас, Базар-Коргон, Токтогул жана Кара-Көл аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына жергиликтүү кеңештерде депутаттардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды өткөрүп берүү жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын төмөнкү чечимдери келип түштү:

- Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын – Нарын облусунун Нарын шаардык кеңеши боюнча;

- Ош аймактык шайлоо комиссиясынын –Ош шаардык кеңеши боюнча;

- Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынын – Баткен облусунун Кадамжай районундагы Кыргыз-Кыштак жана Исхак-Полотхан айылдык кеңештери боюнча;

- Балыкчы аймактык шайлоо комиссиясынын – Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаардык кеңеши боюнча;

- Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясынын – Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Ленин айылдык кеңеши боюнча;

- Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын – Чүй облусунун Сокулук районундагы Жаңы-Пахта айылдык кеңеши боюнча;

- Кемин аймактык шайлоо комиссиясынын – Чүй облусунун Кемин районундагы Ак-Түз айылдык кеңеши боюнча;

- Талас аймактык шайлоо комиссиясынын – Талас облусунун Талас районундагы Калба айылдык кеңеши боюнча;

- Базар-Коргон аймактык шайлоо комиссиясынын – Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Базар-Коргон шаардык кеңеши боюнча;

- Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын – Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Токтогул шаардык кеңеши боюнча;

- Кара-Көл аймактык шайлоо комиссиясынын – Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаардык кеңеши боюнча.

Ошондой эле Чүй облусунун Кемин районундагы Ак-Түз жана Баткен облусунун Кадамжай районундагы Исхак-Полотхан айылдык кеңештериндеги  депутаттыкка талапкерлердин катталган тизмесинен талапкерлерди чыгаруу жөнүндө Кемин жана Кадамжай аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдери келип түштү.

Аталган чечимдер «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине жана «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык кабыл алынган.

«Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 28-пунктуна ылайык, «Борбордук шайлоо комиссиясы жергиликтүү кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерлерди катталган тизмеден чыгаруу жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитет».

Аймактык шайлоо комиссияларынын бекитүүгө келип түшкөн чечимдеринин «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин жана «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 5-беренелеринин талаптарына ылайыктуулугун карап чыгып, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Нарын шаардык, Ош, Кадамжай, Балыкчы, Аламүдүн, Сокулук, Кемин, Талас, Базар-Коргон, Токтогул жана Кара-Көл аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимдери 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кемин жана Кадамжай аймактык шайлоо комиссияларынын талапкерлердин катталган тизмесинен талапкерлерди чыгаруу боюнча чечими 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.

3. Ош, Кадамжай, Балыкчы, Аламүдүн, Сокулук, Кемин, Талас, Базар-Коргон, Токтогул жана Кара-Көл аймактык шайлоо комиссияларынын бош калган мандаттарды талапкерлерге жана саясий партиялардын талапкерлеринин катталган тизмесиндеги талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери 3-тиркемеге ылайык бекитилсин.

4. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, анык эмес деп таанылсын.

5. Ош, Кадамжай, Балыкчы, Аламүдүн, Сокулук, Кемин, Талас, Базар-Коргон, Токтогул жана Кара-Көл аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын 3-тиркемеге ылайык каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырсын.

6. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

7. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.

8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У. Шайназаровго жүктөлсүн.

 

 

ТӨРАГА                                                                     Н. ШАЙЛДАБЕКОВА                   

 

Бишкек ш., 2023-жылдын 22-марты

№20