21.09.2021 №702 2021-жылдын 17-сентябрында өткөрүлгөн Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Ак-Чий айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
2021-жылдын 17-сентябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 30- августундагы № 671 токтому менен дайындалган Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Ак-Чий айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү.
Ак-Чий айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 1 талапкер – Асакеев Рыскельди Догдурбаевич айылдык кеңешинин депутаттарынан сунушталып катталган.
Ак-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 17-сентябрындагы протоколу менен Ак-Чий айылдык кеңешиндеги 11 депутаттын 9 депутаты катышып, Асакеев Р. Д. – 9 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 0 добуш берилгендиги белгиленген.
Ак-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 17-сентябрындагы протоколу менен Асакеев Рыскельди Догдурбаевич Ак-Чий айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.
Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Ак-Чий айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгына жана шайлоонун натыйжасына арыз, даттануулар түшкөн жок.
2021-жылдын 17-сентябрында Ак-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын Ак-Чий айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген «Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө» Жобосуна ылайык,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2021-жылдын17-сентябрында өткөрүлгөн Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Ак-Чий айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу Ак-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 17-сентябрындагы протоколдору бекитилсин.
1.1. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Ак-Чий айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.
1.2. Асакеев Рыскельди Догдурбаевич Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Ак-Чий айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.
2. Ак-Суу аймактык шайлоо комиссиясы шайланган Ак-Чий айыл өкмөтүнүн башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү тапшырсын.
3. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Н. Койчукеевге жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2021-жылдын 21-сентябры
№ 702