21.06.2021 № 538 2021-жылы 10, 11, 12, 15 -июнунда өткөрүлгөн Чүй облусунун Сокулук районунун Новопавловка, Камышановка, Жаңы-Пахта, Төмөнкү-Чүй жана Ат-Башы айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары туур

2021-жылы 10, 11, 12, 15 -июнунда өткөрүлгөн Чүй облусунун Сокулук районунун Новопавловка, Камышановка, Жаңы-Пахта, Төмөнкү-Чүй жана Ат-Башы айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

 

2021-жылы 10, 11, 12, 15 -июнунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 21-майындагы № 279, 2021-жылдын 25-майындагы № 309, 2021-жылдын 26-майындагы № 330 токтомдору менен дайындалган Чүй облусунун Сокулук районунун Новопавловка, Камышановка, Жаңы-Пахта, Төмөнкү-Чүй жана      Ат-Башы айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо болуп өттү.

Новопавловка айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 4 талапкер –  Батыров Жоодат Борисович, МурзаиметовНурболот Сапарбекович, Омуров Орозбек Омурович и Эркинбек уулу Дастан катталышган.  Батыров Жоодат Борисович, Мурзаиметов Нурболот Сапарбекович, Омуров Орозбек Омурович жана Эркинбек уулу Дастан Новопавловка айылдык кеңешинин депутаттарынан сунушталышкан. 

Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 10-июнундагы протоколу менен Новопавловка айылдык кеңешиндеги баардык 31 депутаттын 30 депутаты катышып, 1 турда: Ж.Б. Батыровго - 5 добуш, Н.С. Мурзаиметовго - 0 добуш, О.О. Омуровго– 14 добуш, Эркинбек уулу Д.– 11 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына - 0 добуш, 2 турда: О.О. Омуровго – 19 добуш, Эркинбек уулу Д. – 10 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына - 1 добуш берилгендиги белгиленген. Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 10-июнундагы протоколу менен Омуров Орозбек Омурович Новопавловка айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.

Камышановка айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 2 талапкер – Жусупов Ташполот Иброхимжонович жана Зикиров Махмаямин Камчыбекович катталган. Талапкерлер Жусупов Ташполот Иброхимжонович жана Зикиров Махмаямин Камчыбекович Камышановка айылдык кеңешинин депутаттарынан сунушталышкан.

Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 11-июнундагы протоколу менен Камышановка айылдык кеңешиндеги 11 депутаттын 11 депутаты катышып, Т.И. Жусуповгго – 5 добуш,  М.К. Зикировго – 6 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 0 добуш берилгендиги белгиленген. Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 11-июнундагы протоколу менен Зикиров Махмаямин Камчыбекович Камышановка айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.

Жаңы-Пахта айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 4 талапкер – Беделов Бердибек Бекматович, Садыков Айбек Таджибаевич, Доранов Осмонали Акжолович и Эргашов Арзымат Нурмаматович катталган. Талапкерлер Жаңы-Пахта айылдык кеңешинин депутаттарынан сунушталган.

Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 12-июнундагы протоколу менен Жаны-Пахта айылдык кеңешиндеги 21 депутаттын 21 депутаты катышып, Б.Б. Беделов – 2 добуш, А.Т. Садыков – 0 добуш, О.А. Доронов – 11 добуш, А.Н. Эргашов – 8 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 0 добуш берилгендиги белгиленген.

Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 11-июнундагы протоколу менен Доранов Осмонали Акжолович Жаңы-Пахта айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.

Төмөнкү-Чүй айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 2 талапкер – Акматов Жаныбек Абдимусаевич жана Эрмеков Кемирбек Коксариевич катталышкан. Талапкерлер Акматов Жаныбек Абдимусаевич жана Эрмеков Кемирбек Коксариевич Төмөнкү-Чүй айылдык кеңешинин депутаттарынан сунушталышкан. 

Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 12-июнундагы протоколу менен Төмөнкү-Чүй айылдык кеңешиндеги 21 депутаттын 21 депутаты катышып, Ж.А. Акматовго – 14 добуш, К.К. Эрмековго– 7 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 0 добуш берилгендиги белгиленген.

Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 11-июнундагы протоколу менен Акматов Жаныбек Абдимусаевич Төмөнкү-Чүй айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.

Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 2 талапкер – Абдыкеримов Максат Кадырбекович жана Сейталиев Азисмамат Токтогулович катталышкан. Талапкерлер Абдыкеримов Максат Кадырбекович жана Сейталиев Азисмамат Токтогулович Ат-Башы айылдык кеңешинин депутаттарынан сунушталышкан.

Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 15-июнундагы протоколу менен Ат-Башы айылдык кеңешиндеги 21 депутаттын 20 депутаты катышып, М.К. Абдыкеримовго – 15 добуш, А.Т. Сейталиевге – 5 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 0 добуш берилгендиги белгиленген.

Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 15-июнундагы протоколу менен Абдыкеримов Максат Кадырбекович Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.

Чүй облусунун Сокулук районунун Новопавловка, Камышановка, Жаңы-Пахта, Төмөнкү-Чүй жана Ат-Башы айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана шайлоонун натыйжаларына арыз, даттануулар түшкөн жок.    

2021-жылдын 10, 11, 12, 15 - июнундагы Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын Новопавловка, Камышановка, Жаңы-Пахта, Төмөнкү-Чүй жана Ат-Башы айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын  29-беренесине ылайык,    

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча  борбордук  комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.  Чүй облусунун Сокулук районунун 2021-жылдын 10-июнунда өткөрүлгөн Новопавловка айыл өкмөтүнүн, 2021-жылдын 11-июнунда өткөрүлгөн Камышановка жана Жаңы-Пахта айыл өкмөттөүнүн, 2021-жылдын 12-июнунда өткөрүлгөн Төмөнкү-Чүй айыл өкмөтүнүн, 2021-жылдын 15-июнунда өткөрүлгөн Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 10, 11, 12, 15  - июнундагы протоколдору бекитилсин.    

1.1. Чуй облусунун Сокулук районунун Новопавловка, Камышановка, Жаңы-Пахта, Төмөнкү-Чүй жана Ат-Башы айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо өттү деп табылсын.     

1.2. Омуров Орозбек Омурович Чүй облусунун Сокулук районунун Новопавловка айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

1.3. Зикиров Махмаямин Камчыбекович Чүй облусунун Сокулук районунун Камышановка айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

1.4. Доранов Осмонал Акжолович Чүй облусунун Сокулук районунун Жаңы-Пахта айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

1.5. Акматов Жаныбек Абдимусаевич Чүй облусунун Сокулук районунун Төмөнкү-Чүй айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

1.6. Абдыкеримов Максат Кадырбекович Чүй облусунун Сокулук районунун Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

2.  Сокулук аймактык шайлоо комиссиясы шайланган Новопавловка, Камышановка, Жаңы-Пахта, Төмөнкү-Чүй жана Ат-Башы  айыл өкмөттөрүнүн башчыларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү тапшырсын.   

3.  Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

2.  Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Бекматовго жүктөлсүн.

 

 

ТӨРАГА             Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

  

Бишкек ш., 2021-жылдын 21-июну

№ 538