20.10.2021 №754 Ош облусунун Ноокат районунун Ноокат шаарынын мэрин  шайлоону дайындоо жөнүндө

 

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2021-жылдын 13-октябрындагы №474 тескемесине ылайык, Ош облусунун Ноокат районунун Ноокат шаарынын мэри Нурдинов Жоомарт Амадалиевич өзү берген арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулган.

«Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Республикасынын Мыйзамынын 43-беренесине ылайык, Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген «Шаардын мэрин шайлоо тартиби жөнүндө» жобосуна ылайык.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.    Ош облусунун Ноокат районунун Ноокат шаарынын мэрин шайлоо 2021-жылдын 8-ноябрына дайындалсын жана саат 09-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлсүн.

2. Ноокат аймактык шайлоо комиссиясы шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жана  Кыргыз  Республикасынын  өкмөтү  тарабынан  2020-жылдын  11-майындагы №244 токтому менен бекитилген санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин сакталышы менен өткөрүүнү уюштурсун.

3.   Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4.  Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У. Шайназаровго жүктөлсүн.

 

 

ТӨРАГА                                                                        Н. ШАЙЛДАБЕКОВА                                                                                          

Бишкек ш., 2021-жылдын 20-октябры

№ 754