20.09.2023 №88 № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын кайра шайлоонун натыйжалары тууралуу
№ 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын кайра шайлоонун натыйжалары тууралуу
«№26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын кайра шайлоону дайындоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын (мындан ары – Борбордук шайлоо комиссиясы) 2023-жылдын 12-июлундагы № 64 токтому менен №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоо 2023-жылдын 10-сентябрына дайындалган.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 5-сентябрындагы №684 токтому менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округунун схемасы жана чек арасы бекитилген.
Шайлоону уюштуруу үчүн 51 шайлоо участогу түзүлгѳн. Шайлоочулардын тизмесине 127 239 шайлоочу киргизилген.
№ 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын кайра шайлоодо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына 25 талапкерди каттады. Анын ичинен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын кайра шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу арызынын негизинде катталган талапкер А.Ж. Балтабаевдин каттоосу жокко чыгарылган. Кайра шайлоодо 24 талапкер шайлоого катышты.
№ 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралуу Ленин округдук шайлоо комиссиясынын 2023-жылдын 13-сентябрындагы протоколуна ылайык, 2023-жылдын 10-сентябрында добуш берүүгѳ 20 171 шайлоочу катышкан, бул округдагы шайлоочулардын тизмесине киргизилгендердин ичинен 15.85% түздү.
Талапкерлер шайлоочулардын төмөнкүдөй сандагы добуштарын алышты:
1. Искаков Эртай Дуйшобекович - 882 добуш (4,37%);
2. Искендеров Жеенбек Урудинович - 40 добуш (0,20%);
4. Ажыбеков Руслан Ажыбекович - 286 добуш (1,42%);
5. Кадыралиева Ыргал Кармышаковна - 475 добуш (2,35%);
6. Мамаев Сулайман - 38 добуш (0,19%);
7. Шаршембиев Бакыт Нурджанович - 457 добуш (2,27%);
8. Рысалиев Бактыбек Коржубаевич - 74 добуш (0,37%);
9. Какчекеев Токтогул - 119 добуш (0,59%);
10. Тагаев Русланбек Таштанбекович – 3 835 добуш (19,01%);
11. Аттокур уулу Илимбек - 787 добуш (3,90%);
12. Кермалиев Таалайбек Женишович - 535 добуш (2,65%);
13. Эсенаманов Мурат Кубанович - 357 добуш (1,77%);
14. Булекбаев Эркин Касымович - 52 добуш (0,26%);
15. Мамытов Токтокучук Болотбекович - 641 добуш (3,18%);
16. Ырсалиев Жамалбек Самарбекович – 1 757 добуш (8,71%);
17. Аднаева Нургул Мажитовна - 371 добуш (1,84%);
18. Алмаз уулу Аскар – 2 632 добуш (13,05%);
19. Капаров Чынгыз Капарович - 316 добуш (1,57%);
20. Сооронбаева Нургуль Момуновна - 106 добуш (0,53%);
21. Исмаилова Карачач Джумаевна - 35 добуш (0,17%);
22. Саралаева Лейла Маратовна - 211 добуш (1,05%);
23. Субанов Айбек Манасбекович - 128 добуш (0,63%);
24. Бакир уулу Турсунбай - 82 добуш (0,41%);
25. Самаков Кубанычбек Карганбекович – 5 279 добуш (26,17%);
26. «Баарына каршы» позициясына 570 шайлоочу добуш берген (2,83%).
«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 64-беренесинин 51-бөлүгүнө ылайык, «Бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин шайланган депутаты деп ушул бир мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын кыйла көп добушун алган талапкер таанылат».
№ 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын кайра шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде 33 арыз жана даттануу (шайлоочулардын арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча Жумушчу топко – 7, ЫЧКГга -26) түштү.
Түшкөн бардык арыздар жана даттануулар каралып, алар боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечимдер кабыл алынып, жазуу түрүндө жооптор берилген.
КР УКМКнын Бишкек шаары боюнча ББнын, Бишкек шаары боюнча прокуратурасынын, КР ИИМнин ТКнын, ИИБнин Бишкек шаары боюнча ББнын, Бишкек шаарынын Ленин райондук ИИБ-нын өкүлдөрүнүн маалыматтары угулду.
Укук коргоо органдары тарабынан берилген маалыматтарына ылайык, добуш берүүнүн жыйынтыгына жана кайра шайлоонунун натыйжасына таасир эткен жана/же ага талапкерлердин катыштыгы боюнча, бузуулардын каралбай калган материалдар жок.
Кабыл алынган чечимдер Борбордук шайлоо комиссиясынын сайтында, 2023-жылдын 10-сентябрына дайындалган №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын кайра шайлоо боюнча даттануулар жана бузуулар Реестринде жайгаштырылган (https://shailoo.gov.kg/ru/reestr-zhalob-i-narushenij-povtorvyborah-10sent-2023/).
№ 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралуу Ленин округдук шайлоо комиссиясынын 2023-жылдын 13-сентябрындагы протоколунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 37, 38, 63, 64-беренелерине ылайык, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3-беренесин, 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 26-пунктун, 8-беренесин жетекчиликке алып,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын кайра шайлоо өттү деп таанылсын.
2. Самаков Кубанычбек Карганбекович № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин шайланган депутаты деп таанылсын.
3.Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т. Шайназаровго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н.ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2023-жылдын 20-сентябры
№ 88