20.01.2022 №3 Биринчи май жана Свердлов округдук шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

 

Биринчи май жана Свердлов округдук шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн шайлоо комиссияларынын курамдарынан чыгаруу жөнүндө арыздарынын негизинде, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 12-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 6-декабрындагы № 176 токтому менен бекитилген «Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү, жүргүзүү тартиби жөнүндө» Жобосуна ылайык,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Биринчи май округдук шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- Примбердиева Бермет Арпидиновна жана Бактыбек уулу Талант комиссиянын курамынан чыгарылсын;

- Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан Дукембаева Эльмира Абуевна жана Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын резервинен Нурланова Жанэт Нурлановна комиссиянын курамына киргизилсин.

2. Свердлов округдук шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- Бейшенбаев Эдиль Нурбекович комиссиянын курамынан чыгарылсын;

- Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын резервинен Исаков Азамат Токторбекович комиссиянын курамына киргизилсин.

3. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У. Шайназаровго жүктөлсүн.

 

 

ТӨРАГА                                                                  Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

   Бишкек ш., 2021-жылдын 20-январы
   № 3