24.02.2022 №20 2022-жылдын 10-апрелине дайындалган Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Ош жана Чүй облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо шайлоо алдындагы үгүт иштерине катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын жалпыга маалымдоо каражаттарын

 

2022-жылдын 10-апрелине дайындалган Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Ош жана Чүй облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо шайлоо алдындагы үгүт иштерине катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларын аккредитациялоо жөнүндө

 

«Кыргыз Республикасынын Жалал -Абад, Ысык-Көл, Нарын, Ош жана Чуй облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 8-февралындагы №31 ПЖ Жарлыгынын негизинде, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4,8 беренелерине, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9, 22-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 11-октябрындагы №151 токтому менен бекитилген «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларды аккредитациялоо жөнүндө» Жобого ылайык, жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларды аккредитациялоо тууралуу шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт эрежелери боюнча Жумушчу топтун сунушун көңүлгө алып,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2022-жылдын 10-апрелине дайындалган Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Ош жана Чүй облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоого, шайлоо алдындагы үгүт иштерине катышуу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттары жана интернет-басылмалары 1-тиркемеге   ылайык аккредитациялансын:

- 36 (отуз алты) жалпыга маалымдоо каражаттары;

- 2 (эки) интернет-басылмасы.

2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтында эфир убактысын, жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн басылма аянтын жана интернет-басылмаларда жарыялоо укугун бергендиги үчүн акы төлөөнүн өлчөмү жана башка шарттары жөнүндө маалымат 2-тиркемеге ылайык жайгаштырылсын.

3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү, шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча Жумушчу топтун жетекчиси У.К. Жылкыбаевге жүктѳлсүн.

 

ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2022-жылдын 24-февралы

№20