19.11.2021 №788 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо эл аралык байкоочуларды аккредитациялоо жөнүндө

2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо

эл аралык байкоочуларды аккредитациялоо жөнүндө

 

«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29–августундагы ПЖ №370 жарлыгына ылайык, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-беренесин, «Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 9-ноябрындагы №197 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумдагы эл аралык (чет элдик) байкоочулардын иш тартиби, статусу жана ыйгарым укуктары жөнүндө» Жобону жетекчиликке алып, келип түшкөн билдирүүлөрдүн негизинде,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Төмөнкү дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн, чет мамлекеттердин шайлоо комиссияларынын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо эл аралык байкоочулар катары тиркемеге ылайык аккредитациялансын:

  • Резиденциясы Нур-Султан шаарында жайгашкан Таиланд Королдугунун Кыргыз Республикасындагы Элчилиги - 1;

  • Иран Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилиги - 2;

  • Мальдив Республикасынын шайлоо комиссиясы - 3;

  • Европа Кеңешинин Парламенттик Ассамблеясы - 14;

  • ЕККУнун Парламенттик ассамблеясы - 70;

  • ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктары бюросу - 10;

  • КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясы - 1;

  • ЖККУнун Парламенттик ассамблеясы - 8;

  • Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясы -19;

  • Ислам Кызматташтык Уюму - 5;

  • Шанхай кызматташтык уюму - 17;

  • Түрк мамлекеттеринин уюму - 9;

2. Аккредитацияланган эл аралык байкоочуларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөр берилсин.

3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Н.Ч. Койчукеевге жүктѳлсүн.

 

ТӨРАГА Н.ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2021-жылдын 19-ноябры

№ 788