19.06.2021 № 527 Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Ивановка, Москва районунун Петровка, Беловодский айыл өкмөттөрүнүн башчыларын кайра шайлоону дайындоо жөнүндө
Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Ивановка, Москва районунун Петровка, Беловодский айыл өкмөттөрүнүн башчыларын кайра шайлоону дайындоо жөнүндө
2021-жылдын 18-июнуна дайындалган Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Ивановка айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо,бир дагы катталган талапкер айылдык кеңештин депутаттарынын добуштарынын зарыл болгон санын албагандыгына байланыштуу, айыл өкмөтүнүн башчысы шайланбай калган.
2021-жылдын 18-июнуна дайындалган Чүй облусунун Москва районунун Петровка айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо,депутаттардын добуштарынын көпчүлүгү «бардык талапкерлерге каршы» позициясына берилгендигине байланыштуу, айыл өкмөтүнүн башчысы шайланбай калган.
2021-жылдын 18-июнуна дайындалган Чүй облусунун Москва районунун Беловодский айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо,депутаттардын добуштарынын көпчүлүгү «бардык талапкерлерге каршы» позициясына берилгендигине байланыштуу, айыл өкмөтүнүн башчысы шайланбай калган.
«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 14, 18-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген «Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө» Жобосуна ылайык,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Ивановка, Москва районунун Петровка айыл өкмөттөрүнүн башчыларын жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен, кайра шайлоо 2021-жылдын 2-июлуна дайындалсын жана саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлсүн.
2. Чүй облусунун Москва районунун Беловодский айыл өкмөтүнүн башчысын жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен, кайра шайлоо 2021-жылдын 2-июлуна дайындалсын жана саат 15-00дөн 18-00гө чейин өткөрүлсүн.
3. Ысык-Ата жана Москва аймактык шайлоо комиссияларына жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жана Кыргыз Республикасынын өкмөтү тарабынан 2020-жылдын 11-майындагы № 244 токтому менен бекитилген санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин сакталышы менен өткөрүүнү уюштурсун.
4. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Г. Бекматовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2021-жылдын 19-июну
№ 527