19.06.2021 № 526 Ош облусунун Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоону дайындоо жөнүндө
Ош облусунун Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоону дайындоо жөнүндө
2021-жылдын 18-июнуна дайындалган Ош облусунун Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодо, депутаттардын добуштарынын көпчүлүгү «бардык талапкерлерге каршы» позициясына берилгендигине байланыштуу, айыл өкмөттөрүнүн башчысы шайланбай калган.
«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 14, 18-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген «Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө» Жобосуна ылайык,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош облусунун Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысын жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен кайра шайлоо 2021-жылдын 3-июлуна дайындалсын жана саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлсүн.
2. Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдын башчысын шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жана Кыргыз Республикасынын өкмөтү тарабынан 2020-жылдын 11-майындагы № 244 токтому менен бекитилген санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин сакталышы менен өткөрүүнү уюштурсун.
3. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын траганын орун басары А.Г. Бекматовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2021-жылдын 19-июну
№ 526