19.06.2021 № 523 2021-жылы 15-июнунда өткөрүлгөн Ысык-Көл облусунун Түп районунун Чоң-Таш айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
2021-жылы 15-июнунда өткөрүлгөн Ысык-Көл облусунун Түп районунун Чоң-Таш айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
2021-жылы 15-июнунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 26-майындагы № 332 токтому менен дайындалган Ысык-Көл облусунун Түп районунун Чоң-Таш айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү.
Чоң-Таш айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 2 талапкер – Абдылдаев Сейитбек, Усенов Эламан Зарылбекович катталган. Талапкерлер Чоң-Таш айылдык кеңештин депутаттарынан сунушталган.
Түп аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 15-июнундагы протоколу менен Чоң-Таш айылдык кеңешиндеги баардык 11 депутаты катышып, С. Абдылдаев - 2 добуш, Э. З. Усенов – 8 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 1 добуш берилгендиги белгиленген.
Түп аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 15-июнундагы протоколу менен Усенов Эламан Зарылбекович Чоң-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.
Ысык-Көл облусунун Түп районунун Чоң-Таш айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгына жана шайлоонун натыйжасына арыз, даттануулар түшкөн жок.
2021-жылдын 15-июнундагы Түп аймактык шайлоо комиссиясынын Чоң-Таш айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруужөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2021-жылы 15-июнунда өткөрүлгөн Ысык-Көл облусунун Түп районунун Чоң-Таш айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу Түп аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 15-июнундагы протоколдору бекитилсин.
1.1. Ысык-Көл облусунун Түп районунун Чоң-Таш айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.
1.2. Усенов Эламан Зарылбекович Ысык-Көл облусунун Түп районунун Чоң-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.
2. Түп аймактык шайлоо комиссиясы шайланган Чоң-Таш айыл өкмөтүнүн башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү тапшырсын.
3. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Г. Бекматовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2021-жылдын 19-июну
№ 523