19.06.2021 № 519 2021-жылы 15-июнунда өткөрүлгөн Нарын облусунун Нарын районунун Он-Арча жана Кара-Кужур айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

2021-жылы 15-июнунда өткөрүлгөн Нарын облусунун Нарын районунун Он-Арча жана Кара-Кужур айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

 

2021-жылы 15-июнунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 26-майындагы № 325 токтому менен дайындалган Нарын облусунун Нарын районунун Он-Арча жана Кара-Кужур айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо болуп өттү.

Он-Арча айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 2 талапкер Кадыров Рысбек Зарлыкович, Турсонов Кайратбек Токтобекович катталган. Талапкерлер Он-Арча айылдык кеңештин депутаттарынан сунушталган.

Нарын аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 15-июнундагы протоколу менен Он-Арча айылдык кеңешиндеги баардык 11 депутаты катышып, Р.З. Кадыров – 6 добуш, К.Т. Турсонов – 5 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 0 добуш берилгендиги белгиленген.

Нарын аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 15-июнундагы протоколу менен Кадыров Рысбек Зарлыкович Он-Арча айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.

Кара-Кужур айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 2 талапкер Зарип уулу Тынчтыкбек, Рысбек уулу Дамир катталган. Талапкерлер Кара-Кужур айылдык кеңештин депутаттарынан сунушталган.

Нарын аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 15-июнундагы протоколу менен Кара-Кужур айылдык кеңешиндеги баардык 11 депутатын катышып, Зарип уулу Т. - 2 добуш, Рысбек уулу Д. – 8 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 1 добуш берилгендиги белгиленген.

Нарын аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 15-июнундагы протоколу менен Рысбек уулу Дамир Кара-Кужур айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.

Нарын облусунун Нарын районунун Он-Арча жана Кара-Кужур айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана шайлоонун натыйжаларына арыз, даттануулар түшкөн жок.

2021-жылдын 15-июнундагы Нарын аймактык шайлоо комиссиясынын Он-Арча жана Кара-Кужур айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Нарын облусунун Нарын районунун 2021-жылы 15-июнунда өткөрүлгөн Он-Арча жана Кара-Кужур айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу Нарын аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 15-июнундагы протоколдору бекитилсин.

1.1. Нарын облусунун Нарын районунун Он-Арча жана Кара-Кужур айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо өттү деп табылсын.

1.2. Кадыров Рысбек Зарлыкович Нарын облусунун Нарын районунун Он-Арча айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

1.3. Рысбек уулу Дамир Нарын облусунун Нарын районунун Кара-Кужур айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

2. Нарын аймактык шайлоо комиссиясы шайланган Он-Арча жана Кара-Кужур айыл өкмөттөрүнүн башчыларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү тапшырсын.

3. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г. Бекматовго жүктөлсүн.

 

 

ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2021-жылдын 19-июну

№ 519