18.11.2022 №97 Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, талапкерлердин катталган тизмесинен чыгаруу  жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, талапкерлердин катталган тизмесинен чыгаруу  жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Ысык-Көл, Ош, Кара-Суу, Өзгөн, Нарын шаардык, Ак-Талаа, Жумгал, Сузак, Базар-Коргон, Бакай-Ата жана Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу  

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына жергиликтүү кеңештерде депутаттардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды өткөрүп берүү жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын төмөнкү чечимдери келип түштү:

- Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиясынын – Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Чолпон-Ата шаардык кеңеши боюнча;

- Ош аймактык шайлоо комиссиясынын –Ош шаардык кеңеши боюнча;

- Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын – Ош облусунун Кара-Суу районундагы Кара-Суу шаардык кеңеши боюнча;

- Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын – Ош облусунун Өзгөн районундагы Кызыл-Октябрь айылдык кеңеши боюнча;

- Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын – Нарын облусунун Нарын шаардык кеңеши боюнча;

- Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиясынын – Нарын облусунун  Ак-Талаа районундагы Көк-Жар айылдык кеңеши боюнча;

- Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынын – Нарын облусунун Жумгал районундагы Чоң-Дөбө айылдык кеңеши боюнча;

- Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын – Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Барпы айылдык кеңеши боюнча;

- Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын – Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Кыз-Көл айылдык кеңеши боюнча;

- Базар-Коргон аймактык шайлоо комиссиясынын – Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Арстанбап айылдык кеңеши боюнча;

- Бакай-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын – Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Ленинполь айылдык кеңеши боюнча;

- Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын – Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Ивановка жана Ысык-Ата айылдык кеңештери боюнча;

Ошондой эле жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин катталган тизмесинен талапкерлерди чыгаруу жөнүндө төмөнкү аймактык шайлоо комиссияларынан чечимдер келип түштү:

- Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиясынын – Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Чолпон-Ата шаардык кеңеши боюнча;

- Ош аймактык шайлоо комиссиясынын –Ош шаардык кеңеши боюнча;

- Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын – Ош облусунун Өзгөн районундагы Кызыл-Октябрь айылдык кеңеши боюнча;

- Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынын – Нарын облусунун Жумгал районундагы Чоң-Дөбө айылдык кеңеши боюнча.

Аталган чечимдер “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө”  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык кабыл алынган.

“Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 28-пунктуна ылайык, “Борбордук шайлоо комиссиясы жергиликтүү кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерлерди катталган тизмеден чыгаруу жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитет".

Аймактык шайлоо комиссияларынын бекитүүгө келип түшкөн чечимдеринин "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 5-беренелеринин талаптарына ылайыктуулугун карап чыгып, "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Ысык-Көл, Ош, Кара-Суу, Өзгөн, Нарын шаардык, Ак-Талаа, Жумгал, Сузак, Базар-Коргон, Бакай-Ата жана Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимдери 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Ысык-Көл, Ош, Өзгөн жана Жумгал аймактык шайлоо комиссияларынын талапкерлердин катталган тизмесинен чыгаруу боюнча чечимдери 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.

3. Ысык-Көл, Ош, Өзгөн, Нарын шаардык, Ак-Талаа, Жумгал, Сузак, Базар-Коргон, Бакай-Ата жана Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссияларынын бош калган мандаттарды талапкерлерге жана саясий партиялардын талапкерлеринин катталган тизмесиндеги талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери 3-тиркемеге ылайык бекитилсин.

4. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, анык эмес деп таанылсын.

5. Ысык-Көл, Ош, Өзгөн, Нарын шаардык, Ак-Талаа, Жумгал, Сузак, Базар-Коргон, Бакай-Ата жана Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын 3-тиркемеге ылайык каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырсын.   

6. Бул токтом “Эркин-Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

7. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.

8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У. Шайназаровго жүктөлсүн.

 

 

ТӨРАГА                                                            Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

 

Бишкек ш., 2022-жылдын  18 ноябры
№ 97