18.04.2022 №55 2022-жылдын 10-апрелинде болуп өткөн Чүй облусунун Сокулук районунун Сокулук айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө
2022-жылдын 10-апрелинде болуп өткөн Чүй облусунун Сокулук районунун Сокулук айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө
2022-жылдын 10-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 8-февралындагы № 31 Жарлыгы менен дайындалган Чүй облусунун Сокулук районунун Сокулук айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо болуп өттү.
«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10,11-беренелерине ылайык Чүй облусунун Сокулук районунун Сокулук айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө 5 шайлоо округу түзүлүп, 5 шайлоо участкасы уюштурулган. Шайлоочулардын тизмесин 10 954 шайлоочу киргизилген.
Сокулук айылдык кеңешинде депутаттык мандаттын саны 21, анын ичинен 9 мандат аялдар үчүн резервделинген. 49 талапкер катталган, анын ичинде 16 аял.
Сокулук аймактык шайлоо комиссиясы 5 участкалык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдорунун негизинде Чүй облусунун Сокулук районунун Сокулук айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодо, добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилеп, шайлоонун натыйжасын аныктаган.
Добуш берүүгө жалпысынан 2431 шайлоочу катышып, 22,19%ды түздү. 21 депутат шайланды, анын ичинен 9 депутат аял.
Чүй облусунун Сокулук районунун Сокулук айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде Сокулук аймактык шайлоо комиссиясына арыз жана даттануулар келип түшкөн жок.
«Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 27-пункттарына, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 38, 40, 51, 59-1, 62-беренелерине ылайык,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чүй облусунун Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын 2022-жылдын 13-апрелиндеги Сокулук айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары жөнүндө протоколу бекитилсин (тиркелет).
2. Бул токтом «Эркин–Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомдун көчүрмөсү Сокулук аймактык шайлоо комиссиясына жана Сокулук айылдык кеңешине жиберилсин.
4. Сокулук аймактык шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжалары жарыялангандан кийин 3 күндүк мөөнөттө шайланган Сокулук айылдык кеңешинин депутаттарды каттасын жана аларга ырастамаларды, белгиленген үлгүдөгү төш белгилерди тапшырсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т. Шайназаровго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2022-жылдын 18 - апрели
№ 55