18.04.2022 №54 2022-жылдын 10-апрелинде болуп өткөн Чүй облусунун Москва районунун Александровка айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Москва аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө

2022-жылдын 10-апрелинде болуп өткөн Чүй облусунун Москва районунун Александровка айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Москва аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө

 

2022-жылдын 10-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 8-февралындагы № 31 Жарлыгы менен дайындалган Чүй облусунун Москва районунун Александровка айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо болуп өттү.

«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10,11-беренелерине ылайык Чүй облусунун Москва районунун Александровка айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө 6 шайлоо округу түзүлүп, 6 шайлоо участкасы уюштурулган. Шайлоочулардын тизмесин 11 365 шайлоочу киргизилген.

Александровка айылдык кеңешинде депутаттык мандаттын саны 21, анын ичинен 10 мандат аялдар үчүн резервделинген. 31 талапкер катталган, анын ичинде 12 аял.

Москва аймактык шайлоо комиссиясы 6 участкалык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдорунун негизинде Чүй облусунун Москва районунун Александровка айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодо, добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилеп, шайлоонун натыйжасын аныктаган.

Добуш берүүгө жалпысынан 1287 шайлоочу катышып, 11,32%ды түздү. 21 депутат шайланды, анын ичинен 9 депутат аял.

Чүй облусунун Москва районунун Александровка айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилиндеМосква аймактык шайлоо комиссиясына арыз жана даттануулар келип түшкөн жок.

«Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн  2, 27-пункттарына, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 38, 40, 51, 59-1, 62-беренелерине ылайык,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Чүй облусунун Москва аймактык шайлоо комиссиясынын 2022-жылдын 13-апрелиндеги Александровка айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары жөнүндө протоколу бекитилсин (тиркелет).

2. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул токтомдун көчүрмөсү Москва аймактык шайлоо комиссиясына жанаАлександровка айылдык кеңешине жиберилсин.

4. Москва аймактык шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжалары жарыялангандан кийин 3 күндүк мөөнөттө шайланган Александровка айылдык кеңешинин депутаттарын каттасын жана аларга ырастамаларды, белгиленген үлгүдөгү төш белгилерди тапшырсын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т. Шайназаровго жүктөлсүн. 

 

 

ТӨРАГА                                                         Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

                                              

Бишкек ш., 2022-жылдын 18 -апрели

№ 54