18.04.2022 №53 2022-жылдын 10-апрелинде болуп өткөн Чүй облусунун  Кемин районунун Жаңы-Алыш, Кара-Булак жана Көк-Ойрок айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Кемин аймактык шайлоо комиссиясынын  протоколу жөнүндө

2022-жылдын 10-апрелинде болуп өткөн Чүй облусунун  Кемин районунун Жаңы-Алыш, Кара-Булак жана Көк-Ойрок айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Кемин аймактык шайлоо комиссиясынын  протоколу жөнүндө

 

2022-жылдын 10-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 8-февралындагы № 31 Жарлыгы менен дайындалган Чүй облусунун  Кемин районунун Жаңы-Алыш, Кара-Булак жана Көк-Ойрок айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо болуп өттү.

«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10,11-беренелерине ылайык  Чүй облусунун Кемин районунун Жаңы-Алыш айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө 1 шайлоо округу түзүлүп, 1 шайлоо участкасы уюштурулган. Шайлоочулардын тизмесин 1834 шайлоочу киргизилген.

Жаны-Алыш айылдык кеңешинде депутаттык мандаттын саны 11, анын ичинен 4 мандат аялдар үчүн резервделинген. 16 талапкер катталган, анын ичинде 6 аял.

Кемин аймактык шайлоо комиссиясы 1 участкалык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдорунун негизинде Чүй облусунун Кемин районунун  Жаңы-Алыш айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилеп, шайлоонун натыйжасын аныктаган.

Добуш берүүгө жалпысынан 630 шайлоочу катышып 34,35%ды түздү. 11 депутат шайланды, анын ичинен 5 депутат аял.

 «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10,11-беренелерине ылайык Чүй облусунун Кемин районунун Кара-Булак айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө 2 шайлоо округу түзүлүп, 2 шайлоо участкасы уюштурулган. Шайлоочулардын тизмесин 2175 шайлоочу киргизилген.

Кара-Булак айылдык кеңешинде депутаттык мандаттын саны 11,      анын ичинен 5 мандат аялдар үчүн резервделинген. 17 талапкер катталган, анын ичинде 3 аял.

Кемин аймактык шайлоо комиссиясы 2 участкалык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдорунун негизинде Чүй облусунун Кемин районунун   Кара-Булак айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилеп, шайлоонун натыйжасын аныктаган.

Добуш берүүгө жалпысынан 740 шайлоочу катышып 34,02%ды түздү. 11 депутат шайланды, анын ичинен 3 депутат аял.

Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10,11-беренелерине ылайык Чүй облусунун Кемин районунун Көк-Ойрок айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө 3 шайлоо округу түзүлүп, 3 шайлоо участкасы уюштурулган. Шайлоочулардын тизмесин 3176 шайлоочу киргизилген.

Көк-Ойрок айылдык кеңешинде депутаттык мандаттын саны 11, анын ичинен 5 мандат аялдар үчүн резервделинген. 27 талапкер катталган, анын ичинде 9 аял.

Кемин аймактык шайлоо комиссиясы 3 участкалык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдорунун негизинде Чүй облусунун Кемин районунун  Көк-Ойрок айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилеп, шайлоонун натыйжасын аныктаган.

Добуш берүүгө жалпысынан 1531 шайлоочу катышып 48,21%ды түздү. 11 депутат шайланды, анын ичинен 5 депутат аял.

Чүй облусунун Кемин районунун жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде Кемин аймактык шайлоо комиссиясына арыз жана даттануулар келип түшкөн жок.

«Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн  2, 27-пункттарына, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 38, 40, 51, 59-1, 62-беренелерине ылайык,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Чүй облусунун Кемин аймактык шайлоо комиссиясынын 2022-жылдын 13-апрелиндеги

- Жаңы-Алыш айылдык кеңешинин;

- Кара-Булак айылдык кеңешинин;

- Көк-Ойрок айылдык кеңешинин

депутаттарын шайлоо натыйжалары жөнүндө протоколдору бекитилсин (тиркелет).

2. Бул токтом «Эркин–Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул токтомдун көчүрмөсү Кемин аймактык шайлоо комиссиясына жана Жаңы-Алыш, Кара-Булак, Көк-Ойрок айылдык кеңештерге жиберилсин.

4. Кемин аймактык шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжалары жарыялангандан кийин 3 күндүк мөөнөттө шайланган Жаңы-Алыш, Кара-Булак, Көк-Ойрок айылдык кеңештеринин депутаттарын каттасын жана аларга ырастамаларды, белгиленген үлгүдөгү төш белгилерди тапшырсын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т. Шайназаровго жүктөлсүн. 

 

 

ТӨРАГА                                                        Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

                                                        

Бишкек ш., 2022-жылдын 18-апрели

№ 53