18.04.2022 №52 2022-жылдын 10-апрелинде болуп өткөн Ош облусунун Кара-Суу районунун Ак-Таш жана Төлөйкөн айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын протоколдору жөнүндө
2022-жылдын 10-апрелинде болуп өткөн Ош облусунун Кара-Суу районунун Ак-Таш жана Төлөйкөн айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын протоколдору жөнүндө
2022-жылдын 10-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 8-февралындагы № 31 Жарлыгы менен дайындалган Ош облусунун Кара-Суу районунун Ак-Таш жана Төлөйкөн айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо болуп өттү.
«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10,11-беренелерине ылайык Ош облусунун Кара-Суу районунун Ак-Таш айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө 3 шайлоо округу түзүлүп, 3 шайлоо участкасы уюштурулган. Шайлоочулардын тизмесине 5851 шайлоочу киргизилген.
Ак-Таш айылдык кеңешинде депутаттык мандаттын саны 21, анын ичинен 7 мандат аялдар үчүн резервделинген. 48 талапкер катталган, анын ичинде 12 аял.
Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясы 3 участкалык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдорунун негизинде Ош облусунун Кара-Суу районунун Ак-Таш айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодо, добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилеп, шайлоонун натыйжасын аныктаган.
Добуш берүүгө жалпысынан 2659 шайлоочу катышып, 45,44%ды түздү. 21 депутат шайланды, анын ичинен 7 депутат аял.
«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10,11-беренелерине ылайык Ош облусунун Кара-Суу районунун Төлөйкөн айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө 6 шайлоо округу түзүлүп, 8 шайлоо участкасы уюштурулган. Шайлоочулардын тизмесине 16820 шайлоочу киргизилген.
Төлөйкөн айылдык кеңешинде депутаттык мандаттын саны 31, анын ичинен 12 мандат аялдар үчүн резервделинген. 64 талапкер катталган, анын ичинде 23 аял.
Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясы 8 участкалык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдорунун негизинде Ош облусунун Кара-Суу районунун Төлөйкөн айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилеп, шайлоонун натыйжасын аныктаган.
Добуш берүүгө жалпысынан 6093 шайлоочу катышып 36,22%ды түздү. 31 депутат шайланды, анын ичинен 12 депутат аял.
Ош облусунун Кара-Суу районунун жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясына 1 арыз келип түшкөн.
Келип түшкөн арыз каралып, ал боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечим кабыл алынды. Кабыл алынган чечимге даттануулар келип түшкөн жок.
Келип түшкөн арыз жана ал боюнча кабыл алынган чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтында - https://shailoo.gov.kg/ru/reestr-zhalob-i-narushenij-na-vyborah-deputatov-nekotoryh-mestnyh даттанулардын жана арыздардын реестринде жарыяланган.
«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 27-пункттарына, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 38, 40, 51, 59-1, 62-беренелерине ылайык,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош облусунун Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын 2022-жылдын 13-апрелиндеги
- Ак-Таш айылдык кеңешинин
- Төлөйкөн айылдык кеңешинин
депутаттарын шайлоо натыйжалары жөнүндө протоколдору бекитилсин (тиркелет).
2. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомдун көчүрмөсү Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясына, Ак-Таш жана Төлөйкөн айылдык кеңештерге жиберилсин.
4. Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжалары жарыялагандан кийин Ак-Таш жана Төлөйкөн айылдык кеңештердин шайланган депутаттарын 3 күндүк мөөнөттө каттасын жана аларга ырастамаларды, белгиленген үлгүдөгү төш белгилерди тапшырсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У. Шайназаровго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2022-жылдын 18-апрели
№ 52