18.04.2022 №51 2022-жылдын 10-апрелинде болуп өткөн Ош облусунун Араван районунун С. Юсупова айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Араван аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө
2022-жылдын 10-апрелинде болуп өткөн Ош облусунун Араван районунун С. Юсупова айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Араван аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө
2022-жылдын 10-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 8-февралындагы № 31 Жарлыгы менен дайындалган Ош облусунун Араван районунун С. Юсупова айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо болуп өттү.
«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10,11-беренелерине ылайык Ош облусунун Араван районунун С. Юсупова айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө 9 шайлоо округу түзүлүп, 9 шайлоо участкасы уюштурулган. Шайлоочулардын тизмесине 16544 шайлоочу киргизилген.
С. Юсупова айылдык кеңешинде депутаттык мандаттын саны 31, анын ичинен 14 мандат аялдар үчүн резервделинген. 65 талапкер катталган, анын ичинде 26 аял.
Араван аймактык шайлоо комиссиясы 9 участкалык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдорунун негизинде Ош облусунун Араван районунун С. Юсупова айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилеп, шайлоонун натыйжасын аныктаган.
Добуш берүүгө жалпысынан 5450 шайлоочу катышып 32,94%ды түздү. 31 депутат шайланды, анын ичинен 13 депутат аял.
Ош облусунун Араван районунун С. Юсупова айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын ыкчым чара көрүнүн координациялык тобуна 1 билдирүү келип түшкөн.
Келип түшкөн билдирүү каралып, ал боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечим кабыл алынды. Кабыл алынган чечимге даттануулар келип түшкөн жок.
Келип түшкөн билдирүү жана ал боюнча кабыл алынган чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтында - https://shailoo.gov.kg/ru/reestr-zhalob-i-narushenij-na-vyborah-deputatov-nekotoryh-mestnyh даттанулардын жана арыздардын реестринде жарыяланган.
«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 27-пункттарына, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 38, 40, 51, 59-1, 62-беренелерине ылайык,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош облусунун Араван аймактык шайлоо комиссиясынын 2022-жылдын 13-апрелиндеги С. Юсупова айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары жөнүндө протоколдору бекитилсин (тиркелет).
2. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомдун көчүрмөсү Араван аймактык шайлоо комиссиясына жана С. Юсупова айылдык кенешине жиберилсин.
4. Араван аймактык шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжалары жарыялагандан кийин С. Юсупова айылдык кеңештин шайланган депутаттарын 3 күндүк мөөнөттө каттасын жана аларга ырастамаларды, белгиленген үлгүдөгү төш белгилерди тапшырсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У. Шайназаровго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2022-жылдын 18-апрели
№ 51