18.04.2022 №47 2022-жылдын 10-апрелинде болуп өткөн Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кара-Жыгач айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Аксы аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө
2022-жылдын 10-апрелинде болуп өткөн Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кара-Жыгач айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Аксы аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө
2022-жылдын 10-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 8-февралындагы №31 Жарлыгы менен дайындалган Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кара-Жыгач айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо болуп өттү.
«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10,11-беренелерине ылайык Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кара-Жыгач айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө 1 шайлоо округу түзүлүп, 3 шайлоо участкасы уюштурулган. Шайлоочулардын тизмесин 4496 шайлоочу киргизилген.
Аксы айылдык кеңешинде депутаттык мандаттын саны 21, анын ичинен 7 мандат аялдар үчүн резервделинген. 32 талапкер катталган, анын ичинде 7 аял.
Аксы аймактык шайлоо комиссиясы 3 участкалык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдорунун негизинде Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кара-Жыгач айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилеп, шайлоонун натыйжасын аныктаган.
Добуш берүүгө жалпысынан 1701 шайлоочу катышып 37,83%ды түздү. 21 депутат шайланды, анын ичинен 7 депутат аял.
Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кара-Жыгач айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде Аксы аймактык шайлоо комиссиясына арыз жана даттануулар түшкөн жок.
«Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 27-пункттарына, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 38, 40, 51, 59-1, 62-беренелерине ылайык,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад облусунун Аксы аймактык шайлоо комиссиясынын 2022-жылдын 10-апрелиндеги Кара-Жыгач айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары жөнүндө протоколдору бекитилсин (тиркелет).
2. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомдун көчүрмөсү Аксы аймактык шайлоо комиссиясына жана Кара-Жыгач айылдык кеңешине жиберилсин.
4. Аксы аймактык шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжалары жарыялангандан кийин 3 күндүк мөөнөттө Кара-Жыгач айылдык кеңешинин шайланган депутаттарды каттасын жана аларга ырастамаларды, белгиленген үлгүдөгү төш белгилерди тапшырсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.Шайназаровго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2022-жылдын 18-апрели
№ 47