18.04.2022 №45 2022-жылдын 10-апрелинде болуп өткөн Чүй облусунун Жайыл районунун Кара-Балта шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө
2022-жылдын 10-апрелинде болуп өткөн Чүй облусунун Жайыл районунун Кара-Балта шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө
2022-жылдын 10-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 8-февралындагы ПЖ № 31 Жарлыгы менен дайындалган Чүй облусунун Жайыл районунун Кара-Балта шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо болуп өттү.
Кара-Балта шаардык кеңеши боюнча шайлоону өткөрүү үчүн бирдиктүү 1 шайлоо округ жана 16 шайлоо участок түзүлгөн.
Шайлоочулардын тизмесине 30 968 шайлоочу киргизилген.
Кара-Балта шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоого 6 саясий партия катталган: «Ишеним», «Күчтүү Коом – Сильное Общество», «Социал-демократтар», «Ыйман-Нуру», «Альянс», «ЭлАман».
Жайыл аймактык шайлоо комиссиясы 16 участкалык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыктары туралуу протоколдорунун негизинде Чүй облусунун Жайыл районунун Кара-Балта шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктарын жана шайлоонун натыйжаларын аныктады.
Добуш берүүгө жалпысынан 10 926 шайлоочу катышты, бул жалпы шайлоочулардын 35,28% түзөт.
Жайыл районунун Кара-Балта шаардык кеңешинде мандаттардын саны 31.
Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча 6 саясий партиялар шайлоочулардын жалпы санынын 7 жана андан көп пайызынын добушуна ээ болду: «Ишеним» – 2591 добуш (23,66%) – 8 мандат; «Күчтүү Коом – Сильное Общество» – 2160 добуш (19,72%) – 6 мандат; «Социал-Демократтар» — 1856 добуш (16,95%) — 5 мандат; «Ыйман-Нуру» – 1563 добуш (14,27%) – 5 мандат; «Альянс» – 1529 добуш (13,96%) – 4 мандат; «ЭлАман» – 993 добуш (9,7%) – 3 мандат.
Чүй облусунун Жайыл районунун Кара-Балта шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде Жайыл аймактык шайлоо комиссиясына 4 арыз жана даттануу келип түшкөн. Бардык келип түшкөн арыздар жана даттануулар каралып, алар боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечимдер кабыл алынды. Кабыл алынган чечимдерге даттануулар келип түшкөн жок.
Арыздар жана алар боюнча кабыл алынган чечимдер Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтында - https://shailoo.gov.kg/kg/reestr-zhalob-i-narushenij-na-vyborah-deputatov-nekotoryh-mestnyh даттануулар жана арыздар реестринде жайгаштырылган.
«Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 27-пункттарына, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 38, 40, 51, 56-1-беренелерине ылайык,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чүй облусунун Жайыл районунун Кара-Балта шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын 2022-жылдын 13-апрелиндеги протоколу бекитилсин (тиркелет).
2. Бул токтом «Эркин–Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомдун көчүрмөсү Жайыл аймактык шайлоо комиссиясына жана Кара-Балта шаардык кеңешине жиберилсин.
4. Жайыл аймактык шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжалары жарыялангандан кийин 3 күндүк мөөнөттө шайланган Кара-Балта шаардык кеңешинин депутаттарын каттасын жана аларга ырастамаларды, белгиленген үлгүдөгү төш белгилерди тапшырсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т. Шайназаровго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2022-жылдын 18-апрели
№ 45