18.04.2022 №44 2022-жылдын 10-апрелинде болуп өткөн Жалал-Абад облусунун Токтогул шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө
2022-жылдын 10-апрелинде болуп өткөн Жалал-Абад облусунун Токтогул шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө
2022-жылдын 11-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 8-февралындагы ПЖ № 31 Жарлыгы менен дайындалган Жалал-Абад облусунун Токтогул шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо болуп өттү.
Токтогул шаардык кеңеши боюнча шайлоону өткөрүү үчүн бирдиктүү 1 шайлоо округ жана 5 шайлоо участок түзүлгөн.
Шайлоочулардын тизмесине 12 991 шайлоочу киргизилген.
Токтогул шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоого 7 саясий партия катталган: «Тынчтык», «Мекен-Ынтымагы», «Ата-Журт Кыргызстан», «Эл Үмүтү», «Ынтымак», «Бирге-Вместе», «Ишеним».
Токтогул аймактык шайлоо комиссиясы 5 участкалык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыктары туралуу протоколдорунун негизинде Жалал-Абад облусунун Токтогул шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктарын жана шайлоонун натыйжаларын аныктады.
Добуш берүүгө жалпысынан 4 645 шайлоочу катышты, бул жалпы шайлоочулардын 35,76% түзөт.
Токтогул шаардык кеңешинде мандаттардын саны 31.
Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча 7 саясий партиялар шайлоочулардын жалпы санынын 7 жана андан көп пайызынын добушуна ээ болду: «Тынчтык» - 734 добуш (15,80%) - 5 мандат; «Мекен-Ынтымагы» - 590 добуш (12,70%) - 4 мандат; «Ата-Журт Кыргызстан» - 858 добуш (18,47%) - 6 мандат; «Эл Үмүтү» - 539 добуш (11,60%) - 3 мандат; «Ынтымак» - 699 добуш (15,05%) - 5 мандат; «Бирге-Вместе» - 624 добуш (13,43%) - 4 мандат; «Ишеним» - 548 добуш (11,80%) - 4 мандат.
Жалал-Абад облусунун Токтогул шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде Токтогул аймактык шайлоо комиссиясына 3 арыз жана даттануу келип түшкөн. Бардык келип түшкөн арыздар жана даттануулар каралып, алар боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечимдер кабыл алынды. Кабыл алынган чечимдерге даттануулар келип түшкөн жок.
Арыздар жана алар боюнча кабыл алынган чечимдер Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтында - https://shailoo.gov.kg/ru/reestr-zhalob-i-narushenij-na-vyborah-deputatov-nekotoryh-mestnyh даттануулар жана арыздар реестринде жайгаштырылган.
«Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 27-пункттарына, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 38, 40, 51, 56-1-беренелерине ылайык,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад облусунун Токтогул шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын 2022-жылдын 13-апрелиндеги протоколу бекитилсин (тиркелет).
2. Бул токтом «Эркин – Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомдун көчүрмөсү Токтогул аймактык шайлоо комиссиясына жана Токтогул шаардык кеңешине жиберилсин.
4. Токтогул аймактык шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжалары жарыялангандан кийин 3 күндүк мөөнөттө шайланган Токтогул шаардык кеңешинин депутаттарын каттасын жана аларга ырастамаларды, белгиленген үлгүдөгү төш белгилерди тапшырсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т. Шайназаровго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н.ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2022-жылдын 18-апрели
№ 44