18.04.2022 №43 2022-жылдын 10-апрелинде болуп өткөн Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Таш-Көмүр аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө

2022-жылдын 10-апрелинде болуп өткөн Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Таш-Көмүр аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө

 

2022-жылдын 10-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президентинин  2022-жылдын 8-февралындагы ПЖ № 31 Жарлыгы менен дайындалган   Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо болуп өттү.

Таш-Көмүр шаардык кеңеши боюнча шайлоону өткөрүү үчүн бирдиктүү 1 шайлоо округ жана 11 шайлоо участок түзүлгөн.

Шайлоочулардын тизмесине 24 889 шайлоочу киргизилген.

Таш-Көмүр шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоого 3 саясий партия катталган: «Жаштар», «Ынтымак»,  «Ата-Журт Кыргызстан».

Таш-Көмүр аймактык шайлоо комиссиясы 11 участкалык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыктары туралуу протоколдорунун негизинде Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктарын жана шайлоонун натыйжаларын аныктады.

Добуш берүүгө жалпысынан 7 703 шайлоочу катышты, бул жалпы шайлоочулардын 30,95% түзөт.

Таш-Көмүр шаардык кеңешинде мандаттардын саны 31.

Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча 3 саясий партиялар шайлоочулардын жалпы санынын 7 жана андан көп пайызынын добушуна ээ болду: «Жаштар» - 3493 добуш (45,34%) - 14 мандат; «Ынтымак» - 1126 добуш (14,61%) - 5 мандат; «Ата-Журт Кыргызстан» - 2966 добуш (38,50%) - 12 мандат.

Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде Таш-Көмүр аймактык шайлоо комиссиясына 4 арыз жана даттануу келип түшкөн. Бардык келип түшкөн арыздар жана даттануулар каралып, алар боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечимдер кабыл алынды. Кабыл алынган чечимдерге даттануулар келип түшкөн жок.

Арыздар жана алар боюнча кабыл алынган чечимдер Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтында - https://shailoo.gov.kg/ru/reestr-zhalob-i-narushenij-na-vyborah-deputatov-nekotoryh-mestnyh даттануулар жана арыздар реестринде жайгаштырылган.

«Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 27-пункттарына, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 38, 40, 51, 56-1-беренелерине ылайык,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Таш-Көмүр аймактык шайлоо комиссиясынын 2022-жылдын 14-апрелиндеги протоколу бекитилсин (тиркелет).

2. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул токтомдун көчүрмөсү Таш-Көмүр аймактык шайлоо комиссиясына жана Таш-Көмүр шаардык кеңешине жиберилсин.

4. Таш-Көмүр аймактык шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжалары жарыялангандан кийин 3 күндүк мөөнөттө шайланган Таш-Көмүр шаардык кеңешинин депутаттарын каттасын жана аларга ырастамаларды, белгиленген үлгүдөгү төш белгилерди тапшырсын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т. Шайназаровго жүктөлсүн.

 

 

ТӨРАГА                                                                     Н.ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2022-жылдын 18-апрели
43