17.08.2022 №77 2022-жылдын 9-октябрына дайындалган Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө
Шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын бекитүү боюнча Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынын чечими аркылуу берилген сунуштарынын негизинде, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 4, 5-пункттарына, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 9-августундагы ПЖ № 280 Жарлыгына ылайык,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2022-жылдын 9-октябрына дайындалган Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн шайлоо округдарынын схемалары жана чек аралары тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомдун тиркемеси тийиштүү жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси М.К. Мамбеталиевге жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2022-жылдын 17 - августу
№ 77