17.04.2023 №41 2023-жылдын 9-апрелинде болуп өткөн Чүй облусунун Аламүдүн районунун Байтик айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө

2023-жылдын 9-апрелинде болуп өткөн Чүй облусунун Аламүдүн районунун Байтик айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө

2023-жылдын 9-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-февралындагы № 19 Жарлыгы менен дайындалган Чүй облусунун Аламүдүн районунун Байтик айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо болуп өттү.

«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине ылайык Чүй облусунун Аламүдүн районунун Байтик айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнү уюштуруу үчүн 4 шайлоо участогу ачылган.

«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине ылайык 4 шайлоо округу түзүлгөн.

Байтик айылдык кеңешинде депутаттык мандаттын саны - 21, анын ичинен 9 мандат аялдар үчүн калтырылган. 44 талапкер катталган, анын ичинен  16 талапкер аялдар. 21 депутат шайланды, анын ичинен  9 депутат аялдар.

Шайлоочулардын тизмесине 6340 шайлоочу кирген, анын ичинен 2985 шайлоочу добуш берүүгө катышып, 47, 08%ды түздү.

Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясы 4 участкалык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдорунун негизинде Чүй облусунун Аламүдүн районунун Байтик айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилеп, шайлоо натыйжаларын аныктаган.

Чүй облусунун Аламүдүн районунун Байтик айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясына - 3 арыз келип түшкөн. Түшүндүрүү иштеринин жүрүшүндө арыз ээлери тарабынан арыздар кайтарылып алынган.

«Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 27-пункттарына, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 38, 40, 51, 59-1, 62-беренелерине ылайык,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясынын 2023-жылдын 13-апрелиндеги Байтик айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары жөнүндө протоколу бекитилсин (тиркелет).

2. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул токтомдун көчүрмөсү Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясына жана Байтик айылдык кеңешине жиберилсин.

4. Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжалары жарыялангандан кийин 3 күндүк мөөнөттө Байтик айылдык кеңешинин шайланган депутаттарын каттасын жана аларга ырастамаларды, белгиленген үлгүдөгү төш белгилерди тапшырсын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т. Шайназаровго жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                                                    Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

                 

                                 

Бишкек ш., 2023-жылдын 17-апрели

№ 41