17.04.2023 №40 2023-жылдын 9-апрелинде болуп өткөн Чүй облусунун Жайыл районунун Кызыл-Дыйкан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө

2023-жылдын 9-апрелинде болуп өткөн Чүй облусунун Жайыл районунун Кызыл-Дыйкан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө

 

2023-жылдын 9-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-февралындагы № 19 Жарлыгы менен дайындалган Чүй облусунун Жайыл районунун Кызыл-Дыйкан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо болуп өттү.

«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине ылайык Чүй облусунун Жайыл районунун Кызыл-Дыйкан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнү уюштуруу үчүн 2 шайлоо участогу ачылган.

«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине ылайык 2 шайлоо округу түзүлгөн.

Кызыл-Дыйкан айылдык кеңешинде депутаттык мандаттын саны - 11, анын ичинен 5 мандат аялдар үчүн калтырылган. 15 талапкер катталган, анын ичинен - 6 талапкер аялдар. 11 депутат шайланды, анын ичинен 6 депутат аялдар.

Шайлоочулардын тизмесине 2725 шайлоочу кирген, анын ичинен 527 шайлоочу добуш берүүгө катышып, 19, 34%ды түздү.

Жайыл аймактык шайлоо комиссиясы 2 участкалык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдорунун негизинде Чүй облусунун Жайыл районунун Кызыл-Дыйкан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилеп, шайлоо натыйжаларын аныктаган.

Чүй облусунун Жайыл районунун Кызыл-Дыйкан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде арыз жана даттануулар түшкөн жок.

«Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 27-пункттарына, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 38, 40, 51, 59-1, 62-беренелерине ылайык,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын 2023-жылдын 12-апрелиндеги Кызыл-Дыйкан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары жөнүндө протоколу бекитилсин (тиркелет).

2. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул токтомдун көчүрмөсү Жайыл аймактык шайлоо комиссиясына жана Кызыл-Дыйкан айылдык кеңешине жиберилсин.

4. Жайыл аймактык шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжалары жарыялангандан кийин 3 күндүк мөөнөттө Кызыл-Дыйкан айылдык кеңешинин шайланган депутаттарын каттасын жана аларга ырастамаларды, белгиленген үлгүдөгү төш белгилерди тапшырсын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т. Шайназаровго жүктөлсүн.

 

 

ТӨРАГА                                                                    Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

                                                   

Бишкек ш., 2023-жылдын 17-апрели

40