17.04.2023 №36 2023-жылдын 9-апрелинде болуп өткөн Ош облусунун Алай районунун Кабылан-Көл айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Алай аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө
2023-жылдын 9-апрелинде болуп өткөн Ош облусунун Алай районунун Кабылан-Көл айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Алай аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө
2023-жылдын 9-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 6-февралындагы №19 Жарлыгы менен дайындалган Ош облусунун Алай районунун Кабылан-Көл айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо болуп өттү.
«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине ылайык Ош облусунун Алай районунун Кабылан-Көл айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнү уюштуру үчүн 2 шайлоо участогу ачылган.
«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине ылайык 2 шайлоо округу түзүлгөн.
Кабылан-Көл айылдык кеңешинде депутаттык мандаттын саны - 11, анын ичинен 4 мандат аялдар үчүн резервге калтырылган. 21 талапкер катталган, анын ичинен 10 талапкер аялдар. 11 депутат шайланды, анын ичинен 5 депутат аялдар.
Шайлоочулардын тизмесине 1777 шайлоочу киргизилген. Добуш берүүгө жалпысынан 789 шайлоочу катышып, 44,40%ды түздү.
Алай аймактык шайлоо комиссиясы 2 участкалык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдорунун негизинде Ош облусунун Алай районунун Кабылан-Көл айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилеп, шайлоо натыйжаларын аныктаган.
Ош облусунун Алай районунун Кабылан-Көл айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде арыз жана даттануулар түшкөн жок.
«Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 27-пункттарына, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 38, 40, 51, 59-1, 62-беренелерине ылайык,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Алай аймактык шайлоо комиссиясынын 2023-жылдын 12-апрелиндеги Кабылан-Көл айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары жөнүндө протоколу бекитилсин (тиркелет).
2. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомдун көчүрмөсү Алай аймактык шайлоо комиссиясына жана Кабылан-Көл айылдык кеңешине жиберилсин.
4. Алай аймактык шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжалары жарыялангандан кийин 3 күндүк мөөнөттө Кабылан-Көл айылдык кеңешинин шайланган депутаттарын каттасын жана аларга ырастамаларды, белгиленген үлгүдөгү төш белгилерди тапшырсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У. Шайназаровго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2023-жылдын 17-апрели
№ 36