17.04.2023 №35 2023-жылдын 9-апрелинде болуп өткөн Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кеңеш айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө
2023-жылдын 9-апрелинде болуп өткөн Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кеңеш айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө
2023-жылдын 9-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 6-февралындагы №19 Жарлыгы менен дайындалган Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кеңеш айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо болуп өттү.
«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине ылайык Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кеңеш айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнү уюштуру үчүн 2 шайлоо участогу ачылган.
«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине ылайык 2 шайлоо округу түзүлгөн.
Кеңеш айылдык кеңешинде депутаттык мандаттын саны - 11, анын ичинен 5 мандат аялдар үчүн резервге калтырылган. 23 талапкер катталган, анын ичинен 10 талапкер аялдар. 11 депутат шайланды, анын ичинен 5 депутат аялдар.
Шайлоочулардын тизмесине 2106 шайлоочу киргизилген. Добуш берүүгө жалпысынан 809 шайлоочу катышып, 38,41%ды түздү.
Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиясы 2 участкалык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдорунун негизинде Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кеңеш айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилеп, шайлоо натыйжаларын аныктаган.
Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кеңеш айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде арыз жана даттануулар түшкөн жок.
«Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 27-пункттарына, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 38, 40, 51, 59-1, 62-беренелерине ылайык,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиясынын 2023-жылдын 12-апрелиндеги Кеңеш айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары жөнүндө протоколу бекитилсин (тиркелет).
2. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомдун көчүрмөсү Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиясына жана Кеңеш айылдык кеңешине жиберилсин.
4. Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжалары жарыялангандан кийин 3 күндүк мөөнөттө Кеңеш айылдык кеңешинин шайланган депутаттарын каттасын жана аларга ырастамаларды, белгиленген үлгүдөгү төш белгилерди тапшырсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У. Шайназаровго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2023-жылдын 17-апрели
№ 35