16.07.2021 № 627 Ысык-Көл облусунун Түп районунун Сары-Булак айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө
Ысык-Көл облусунун Түп райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акиминин 2021-жылдын 9-июлундагы № 52 буйругу менен Сары-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Эркимбаев Данияр Джантаевич өзү берген арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулган.
«Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө»Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине,Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы № 3 токтому менен бекитилген «Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө» Жобосуна ылайык,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ысык-Көл облусунун Түп районунун Сары-Булак айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2021-жылдын 4-августуна дайындалсын жана саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлсүн
2.Түп аймактык шайлоо комиссиясы шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-майындагы № 244 токтому менен бекитилген санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин сактоо менен өткөрүүнү уюштурсун.
3. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У.Шайназаровго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2021-жылдын 16-июлу
№627