16.10.2021 № 739 Чүй облусунун Жайыл районунун Красный-Восток айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө
Чүй облусунун Жайыл райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы–акиминин 2021-жылдын 11-октябрындагы № 368-р буйругу менен Красный Восток айыл өкмөтүнүн башчысы Рыскулбек уулу Нурмат өзү берген арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулган.
«Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы № 3 токтому менен бекитилген «Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө» Жобосуна ылайык,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чүй облусунун Жайыл районунун Красный Восток айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2021-жылдын 3-ноябрына дайындалсын жана саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлсүн.
2. Жайыл аймактык шайлоо комиссиясы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысын шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жана Кыргыз Республикасынын өкмөтү тарабынан 2020-жылдын 11-майындагы №244 токтому менен бекитилген санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин сакталышы менен өткөрүүнү уюштурсун.
3. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У. Шайназаровго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2021-жылдын 15-октябры
№ 739