15.02.2023 №8 Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айыл аймагындагы № 4116 шайлоо участогунун дарегин өзгөртүү жөнүндө
Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айыл аймагындагы № 4116 шайлоо участогунун дарегин өзгөртүү жөнүндө
Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынын, Чаек айыл өкмөтүнүн башчысынын Чаек айыл аймагындагы № 4116 шайлоо участогунун дарегин өзгөртүү жөнүндө кайрылууларынын негизинде, ошондой эле «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 4-пунктарына, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 20-январындагы № 4 токтому менен бекитилген «Шайлоо округдары менен шайлоо участокторунун схемаларын жана чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө» Жобосуна ылайык,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айыл аймагындагы № 4116 шайлоо участогунун дареги Т. Турсунбаева атындагы орто мектеп-гимназиясынын имаратынан Т.Турсунбаева атындагы «Соң-Көл» кинотеатрынын имаратына өзгөртүлсүн.
2. Жумгал аймактык шайлоо комиссиясы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы менен биргеликте шайлоочулардын арасында шайлоо участогунун дарегин өзгөртүлгөндүгү тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн.
3. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У. Шайназаровго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2023-жылдын 15-февралы
№ 8