15.02.2023 №7 Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, талапкерлердин катталган тизмесинен чыгаруу  жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, талапкерлердин катталган тизмесинен чыгаруу  жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Ак-Суу, Тоң, Сүлүктү, Кара-Көл, Сузак, Аксы, Ноокат, Кара-Суу, Ак-Талаа, Жумгал, Сокулук жана Талас аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына жергиликтүү кеңештерде депутаттардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды өткөрүп берүү жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын төмөнкү чечимдери келип түштү:

- Ак-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын – Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Кереге-Таш айылдык кеңеши боюнча;

- Тоң аймактык шайлоо комиссиясынын – Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Ак-Терек айылдык кеңеши боюнча;

- Сүлүктү аймактык шайлоо комиссиясынын – Баткен облусунун Сүлүктү шаардык кеңеши боюнча;

- Кара-Көл аймактык шайлоо комиссиясынын – Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаардык кеңеши боюнча;

- Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын – Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Курманбек жана Кыз-Көл айылдык кеңештери боюнча;

- Аксы аймактык шайлоо комиссиясынын – Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Кош-Дөбө жана Ак-Суу айылдык кеңештери боюнча;

- Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын – Ош облусунун Ноокат районундагы Төөлөс айылдык кеңеши боюнча;

- Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын – Ош облусунун Кара-Суу шаардык кеңеши боюнча;

- Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиясынын – Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Баетов айылдык кеңеши боюнча;

- Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынын – Нарын облусунун Жумгал районундагы Жаңы-Арык айылдык кеңеши боюнча;

- Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын – Чүй облусунун Сокулук районундагы Шопоков шаардык жана Асылбаш, Төмөнкү-Чүй айылдык кеңештери боюнча.

- Талас аймактык шайлоо комиссиясынын – Талас облусунун Талас районундагы Бердике баатыр айылдык кеңеши боюнча;

Ошондой эле Чүй облусунун Сокулук районундагы Төмөнкү-Чүй, Ош облусунун Кара-Суу шаардык, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Кереге-Таш, Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Ак-Суу айылдык кеңештеринин депутаттыгына талапкерлердин катталган тизмесинен талапкерлерди чыгаруу жөнүндө Сокулук, Кара-Суу, Ак-Суу жана Аксы аймактык шайлоо комиссияларынан чечимдери келип түштү.

Аталган чечимдер “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө”  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык кабыл алынган.

“Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 28-пунктуна ылайык, “Борбордук шайлоо комиссиясы жергиликтүү кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерлерди катталган тизмеден чыгаруу жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитет".

Аймактык шайлоо комиссияларынын бекитүүгө келип түшкөн чечимдеринин "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 5-беренелеринин талаптарына ылайыктуулугун карап чыгып, "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Ак-Суу, Тоң, Сүлүктү, Кара-Көл, Сузак, Аксы, Ноокат, Кара-Суу,  Ак-Талаа, Жумгал, Сокулук жана Талас аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимдери 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.  

2. Сокулук, Кара-Суу, Ак-Суу жана Аксы аймактык шайлоо комиссиларынын талапкерлердин катталган тизмесинен талапкерлерди чыгаруу боюнча чечими 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.

3. Ак-Суу, Тоң, Сүлүктү, Кара-Көл, Сузак, Аксы, Ноокат, Кара-Суу, Ак-Талаа, Жумгал, Сокулук жана Талас аймактык шайлоо комиссияларынын бош калган мандаттарды талапкерлерге жана саясий партиялардын талапкерлеринин катталган тизмесиндеги талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери 3-тиркемеге ылайык бекитилсин.    

4. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, анык эмес деп таанылсын.

5. Ак-Суу, Тоң, Сүлүктү, Кара-Көл, Сузак, Аксы, Ноокат, Кара-Суу, Ак-Талаа, Жумгал, Сокулук жана Талас аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын 3-тиркемеге ылайык каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырсын.

6. Бул токтом “Эркин-Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

7. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.

8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У. Шайназаровго жүктөлсүн.

 

 

ТӨРАГА                                                                     Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2022-жылдын 15 - февралы
№ 7

Маалымкат-негиздеме