15.02.2023 №6 2023-жылдын 9-апрелине дайындалган Кыргыз Республикасынын, Нарын, Баткен, Ош, Талас жана Чүй облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө

2023-жылдын 9-апрелине дайындалган Кыргыз Республикасынын, Нарын, Баткен, Ош, Талас жана Чүй облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө

 

Шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын бекитүү боюнча Жумгал, Баткен, Ноокат, Кара-Суу, Алай, Кара-Кулжа, Кара-Буура, Жайыл жана Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясынын чечими аркылуу берилген сунуштарынын негизинде, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 4, 5-пункттарына, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине, «Кыргыз Республикасынын, Нарын, Баткен, Ош, Талас жана Чүй облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 6-февралындагы ПЖ №19 Жарлыгына ылайык,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. 2023-жылдын 9-апрелине дайындалган Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек, Көк-Ой айылдык кеңештеринин, Баткен облусунун Баткен районунун Самаркандек, Ак-Сай, Ак-Татыр айылдык кеңештеринин, Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кеңеш айылдык кеңешинин, Алай районунун Кабылан-Көл айылдык кеңешинин, Ноокат районунун Н. Исанов айылдык кеңешинин, Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылдык кеңешинин, Талас облусунун Кара-Буура районунун Шекер, Бейшеке, Бакыян айылдык кеңештеринин жана Чүй облусунун Жайыл районунун Кызыл-Дыйкан айылдык кеңешинин, Алүмүдүн районун Байтик айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн шайлоо округдарынын схемалары жана чек аралары тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Жумгал, Баткен, Ноокат, Кара-Суу, Алай, Кара-Кулжа, Кара-Буура, Жайыл жана Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы менен биргеликте калк арасында шайлоо округдарынын схемалары жана чек аралары боюнча түшүндурүү иштерин жүргүзсүн.

4. Бул токтомдун тиркемеси тийиштүү жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыялансын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т. Шайназаровго жүктөлсүн.

 

 

ТӨРАГА                                 Н.ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2023-жылдын 15 - февралы

№ 6