13.10.2021 № 735 Нарын облусунун Кочкор районунун №4156, Ош облусунун Алай районунун №5442, Кара-Кулжа районунун №5016 шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүү жөнүндө

Кочкор жана Алай округдук шайлоо комиссияларынын № 4156, №5442, №5016 шайлоо участкаларынын имараттары канааттандырарлык эмес абалына байланыштуу даректерин өзгөртүү жөнүндө сунуштардын негизинде, ошондой эле «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 4-пунктарына, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 20-январындагы № 4 токтому менен бекитилген «Шайлоо округдары менен шайлоо участокторунун схемаларын жана чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө» Жобосуна ылайык,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Нарын облусунун Кочкор районунун №4156 шайлоо участкасынын дареги Мантыш айылынын Касым 25 көчөсү дарегиндеги Кара-Суу айыл өкмөтүнүн имаратынан, Мантыш айылынын Керим уулу Жумалы көчөсү, 45 дарегиндеги Т. Курткаев атындагы орто мектебинин имаратына өзгөртүлсүн.

2. Ош облусунун Алай районунун №5442 шайлоо участкасынын дареги Сары-Могол айылынын маданият үйүнүн имаратынан, Сары-Монгол айылынын Тунгуч көчөсү дарегиндеги айылдык спорт залынын имаратына өзгөртүлсүн.

3. Ош облусунун Кара-Кулжа районунун №5016 шайлоо участкасынын дареги Кеңеш айылынын А. Шерматов көчөсү 32 дарегиндеги Кеңеш айыл өкмөтүнүн имаратынан, Кеңеш айылынын Аткелтир көчөсү 1 дарегиндеги Ж.Акматалиев №2 атындагы орто мектебинин имаратына өзгөртүлсүн.

4. Кочкор жана Алай округдук шайлоо комиссияларынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте шайлоочулардын арасында шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүлгөндүгү тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн.

5. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т. У. Шайназаровго жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2021-жылдын 13-октябры

№735