13.07.2021 № 622 2021-жылдын 7-июлунда өткөрүлгөн Баткен облусунун Баткен районунун Кара-Булак айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы жөнүндө протоколдорду бекитүү тууралуу
2021-жылдын 7-июлунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 23-июнундагы № 556 токтому менен дайындалган Баткен облусунун Баткен районунун Кара-Булак айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо болуп өттү.
Кара-Булак айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 2 талапкер – Байзаков Дарвиш Элчибекович, Кара-Булак айылдык кеңешинин депутаттарынан, Абдырахманов Замирбек Дүйшөбаевич, Баткен райондун мамлекеттик администрациясынын башчысы - акимден сунушталып катталган.
Баткен аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 7-июлундагы протоколу менен Кара-Булак айылдык кеңешиндеги 21 депутаттын 21 депутаты катышып, 1 турда: Д.Э. Байзаковго – 9 добуш, А.З. Дүйшөбаевичге – 3 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 9 добуш, 2 турда: Д.Э. Байзаковго – 13 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 8 добуш берилгендиги белгиленген.
Баткен аймактык шайлоо комиссиясынын кайра шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 7-июлундагы протоколу менен Байзаков Дарвиш Элчибекович Кара-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.
- облусунун районунун Кара-Булак айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана шайлоонун натыйжаларына арыз, даттануулар түшкөн жок.
2021-жылдын 7-июлундагы Баткен аймактык шайлоо комиссиясынын Кара-Булак айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген «Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө» Жобосуна ылайык,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Баткен облусунун Баткен районунун 2021-жылдын 7-июлунда өткөрүлгөн Кара-Булак айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу Баткен аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 7-июлундагы протоколдору бекитилсин.
- Баткен облусунун Баткен районунун Кара-Булак айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо өттү деп табылсын.
1.2. Байзаков Дарвиш Элчибекович Баткен облусунун Баткен районунун Кара-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.
- Баткен аймактык шайлоо комиссиясы шайланган Кара-Булак айыл өкмөтүнүн башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү тапшырсын.
3. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т. Шайназаровго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2021-жылдын 7-июлу
№622
№ 6