12.12.2021 №824 Бир мандаттуу № 19 Токтогул шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоо натыйжалары тууралуу
«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-августундагы № 370 Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын жаңы чакырылыштагы Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалды.
«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттарын шайлоону өткөрүү боюнча шайлоо округдарынын схемасы жана чек аралары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 5-сентябрындагы № 684 токтому менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо бир мандаттуу № 19 Токтогул шайлоо округунун схемасы бекитилди.
Бир мандаттуу Токтогул шайлоо округунда добуш берүүнү өткөрүү үчүн 55 шайлоо участогу түзүлгөн.
Бир мандаттуу № 19 Токтогул шайлоо округу боюнча шайлоочулардын тизмесине 99849 шайлоочу киргизилген, алардын ичинен 36556 шайлоочу добуш берүүгө катышты, бул 36,6%ды түздү.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына төмөнкү 10 талапкерди каттады:
1. Байгазиев Беканас Замирбекович;
2. Дүйшеналиев Болотбек Согушбекович;
3. Тотонов Нурбек Темирбекович;
4. Кармышов Тимурлан Апизканович;
5. Сулайманов Кундузбек Кошалиевич;
6. Алыбаев Айбек Ташибекович;
7. Бекишов Абдыбек Дүйшебекович;
8. Турдумамбетов Осмон Жолдошбекович;
9. Матмусаев Жанышбек Мырзабекович;
10. Ракаев Акылбек Калышевич.
Бир мандаттуу № 19 Токтогул шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде 1 арыз түштү. Түшкөн арызы каралып чыкты жана ал боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечим кабыл алынды.
Бир мандаттуу № 19 Токтогул шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралуу Токтогул округдук шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 4-декабрындагы протоколунун маалыматтарына ылайык Байгазиев Беканас Замирбекович - 1269 (3,4%) добуш алды, Дүйшеналиев Болотбек Согушбекович - 3694 (10,1%) добуш алды, Тотонов Нурбек Темирбекович - 6313 (17,2%) добуш алды, Кармышов Тимурлан Апизканович - 2607 (7,1%) добуш алды, Сулайманов Кундузбек Кошалиевич - 7957 (21,7%) добуш алды, Алыбаев Айбек Ташибекович – шайлоого катышуудан баш тартты, Бекишов Абдыбек Дүйшебекович - 1684 (4,6%) добуш алды, Турдумамбетов Осмон Жолдошбекович - 6924 (18,9%) добуш алды, Матмусаев Жанышбек Мырзабекович - 832 (2,2%) добуш алды, Ракаев Акылбек Калышевич - 1547 (7,2%) добуш алды, «Баарына каршы» үчүн 2646 (7,2%) добуш берилди.
«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 64-беренесинин 51-бөлүгүнө ылайык, ушул бир мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын кыйла көп добушун алган талапкер бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин шайланган депутаты деп таанылат.
Бир мандаттуу № 19 Токтогул шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралуу Токтогул округдук шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 4-декабрындагы протоколунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 37-беренесинин 4-бөлүгүнө, 64-беренесинин 51-бөлүгүнө ылайык, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3-беренесин, 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 26-пункттун, 8-беренесин жетекчиликке алып,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бир мандаттуу № 19 Токтогул шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоо болуп өттү деп таанылсын.
2. Сулайманов Кундузбек Кошалиевич бир мандаттуу № 19 Токтогул шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин шайланган депутаты деп таанылсын.
3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жөнөтүлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т. Шайназаровго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш. 2021-жылдын 12-декабры
№ 824