12.12.2021 №822 Бир мандаттуу №4 Көк-Жар шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоо натыйжалары тууралуу
“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-августундагы №370 Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалды.
“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттарын шайлоону өткөрүү боюнча шайлоо округдарынын схемасы жана чек аралары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 5-сентябрындагы № 684 токтому менен бир мандаттуу №4 Көк-Жар шайлоо округунун схемасы бекитилди.
Бир мандаттуу №4 Көк-Жар шайлоо округунда добуш берүүнү өткөрүү үчүн 56 шайлоо участогу түзүлгөн.
Бир мандаттуу №4 Көк-Жар шайлоо округу боюнча шайлоочулардын тизмесине 80070 шайлоочу киргизилген, алардын ичинен 34920 шайлоочу добуш берүүгө катышты, бул 43,6%ды түздү.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бир мандаттуу №4 Көк-Жар шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына төмөнкү 8 талапкерди каттады:
1. Рысбаев Равшанбек Рысбаевич;
2. Бакиров Өмүрбек Мирзараимович;
3. Мадмаров Уланбек Аданбекович;
4. Калматов Талас Сагынбаевич;
5. Абдрахманов Азамат Абдилазизович;
6. Түмөнов Чынгыз Сүйүнбаевич;
7. Турсункулов Мирланбек Эшмаматович;
8. Зулпуев Абдивап Момунович.
Алардын ичинен шайлоого 7 талапкер катышкан
Бир мандаттуу №4 Көк-Жар шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде 8 арыз түштү. Түшкөн арыздар каралып чыкты жана алар боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечимдер кабыл алынды.
Көк-Жар округдук шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 5-декабрындагы №13 чечими менен, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 37-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык №5420, №5424, №5526 шайлоо участкаларында добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылды.
Ал шайлоо участактарында добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгаруу жыйынтык натыйжасына таасир этпегендигин белгилей кетүү керек. Шайлоонун натыйжалары боюнча №4 Көк-Жар шайлоо округунун 53 шайлоо участкаларында жыйынтыктар чыгарылды.
Бир мандаттуу №4 Көк-Жар шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралуу Көк-Жар округдук шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 8-декабрындагы протоколунун маалыматтарына ылайык:
- Рысбаев Равшанбек Рысбаевич 10070 (30,26%) добуш алды;
- Бакиров Өмүрбек Мирзараимович 10788 (32,42%) добуш алды;
- Мадмаров Уланбек Аданбекович 5367 (16,13%) добуш алды;
- Абдрахманов Азамат Абдилазизович 1589 (4,77%) добуш алды;
- Түмөнов Чынгыз Сүйүнбаевич 943 (2,83%) добуш алды;
- Турсункулов Мирланбек Эшмаматович 476 (1,43%) добуш алды;
- Зулпуев Абдивап Момунович 2549 (7,66%) добуш алды.
- “Баарына каршы” позициясы үчүн 799 (2,40%) добуш берилди.
“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 64-беренесинин 51-бөлүгүнө ылайык, “Ушул бир мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын кыйла көп добушун алган талапкер бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин шайланган депутаты деп таанылат”.
Бир мандаттуу №4 Көк-Жар шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралуу Көк-Жар округдук шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 8-декабрындагы протоколунун негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 37-беренесинин 4-бөлүгүнө, 64-беренесинин 51-бөлүгүнө ылайык, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3-беренесин, 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 26-пунктун, 8-беренесин жетекчиликке алып,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бир мандаттуу №4 Көк-Жар шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоо болуп өттү деп таанылсын.
2. Бакиров Өмүрбек Мирзараимович бир мандаттуу №4 Көк-Жар шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин шайланган депутаты деп таанылсын.
3. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жөнөтүлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т. Шайназаровго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш. 2021-жылдын 12-декабры
№822