12.12.2021 №821 Бир мандаттуу №3 Кадамжай шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоо натыйжалары тууралуу
“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-августундагы №370 Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалды.
“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттарын шайлоону өткөрүү боюнча шайлоо округдарынын схемасы жана чек аралары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 5-сентябрындагы №684 токтому менен бир мандаттуу №3 Кадамжай шайлоо округунун схемасы жана чек арасы бекитилди.
Бир мандаттуу Кадамжай шайлоо округунда добуш берүүнү өткөрүү үчүн 72 шайлоо участогу түзүлгөн.
Бир мандаттуу №3 Кадамжай шайлоо округу боюнча шайлоочулардын тизмесине 113 244 шайлоочу киргизилген, алардын ичинен 37 028 шайлоочу добуш берүүгө катышты, бул 32,70%ды түздү.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бир мандаттуу №3 Кадамжай шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына төмөнкү 18 талапкерди каттады:
1.Максутов Мурсалим Султаналиевич;
2.Шамшидин уулу Абдулхамид;
3.Акматов Айданбек Акматович;
4.Сыргабаев Замирбек Самаматович;
5.Атажанов Ырысбек Ысламович;
6.Курванбаев Суйунбек Бурканидинович;
7.Досанов Нурбек Маликович;
8.Насиров Абдижамил Жусупович;
9.Маматалиева Омуркан Турсуналиевна;
10.Талипов Нурали Орозалиевич;
11.Садыкова Эркайым Гульбаевна;
12.Миркадыров Мухтар Мирсалиевич;
13.Мамаюсупов Абдыхалил Шадманович;
14.Ганыев Каныбек Токтомаматович;
15.Мурадилов Бекболот Мурадилович;
16.Алибеков Шерахмад Халилович;
17,Маманова Розакан Султановна;
18.Назарбаев Абдинаби Салыевич;
Анын ичинен 17 талапкер шайлоого катышты.
Бир мандаттуу №3 Кадамжай шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде 1 арыз түштү. Түшкөн арыз каралып чыкты жана ал боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечим кабыл алынды.
Бир мандаттуу №3 Кадамжай шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралуу Кадамжай округдук шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 7-декабрындагы протоколунун маалыматтарына ылайык:
- Максутов Мурсалим Султаналиевич 1191 (3,22 %) добуш алды;
- Шамшидин уулу Абдулхамид 891 (2,41 %) добуш алды;
- Акматов Айданбек Акматович 1824 (4,93%) добуш алды;
- Сыргабаев Замирбек Самаматович 4621 (12,48%) добуш алды;
- Атажанов Ырысбек Ысламович 6047 (16,33%) добуш алды;
- Курванбаев Суйунбек Бурканидинович 3334 (9,0%) добуш алды;
- Досанов Нурбек Маликович 1777 (4,80%) добуш алды;
- Насиров Абдижамил Жусупович 1880 (5,08%) добуш алды;
-Маматалиева Омуркан Турсуналиевна 777 (2,10%) добуш алды;
- Талипов Нурали Орозалиевич 3021 (8,16%) добуш алды;
- Садыкова Эркайым Гульбаевна 603 (1,63%) добуш алды;
- Миркадыров Мухтар Мирсалиевич 2054 (5,55%) добуш алды;
- Ганыев Каныбек Токтомаматович 2043 (5,52%) добуш алды;
- Мурадилов Бекболот Мурадилович 1532 (4,14%) добуш алды;
- Алибеков Шерахмад Халилович 1801 (4,86%) добуш алды;
- Маманова Розакан Султановна 244 (0,66%) добуш алды;
- Назарбаев Абдинаби Салыевич 1206 (3,26%) добуш алды;
- “Баарына каршы” позициясы үчүн 1072 (2,90 %) добуш берилди.
“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 64-беренесинин 51-бөлүгүнө ылайык, «Ушул бир мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын кыйла көп добушун алган талапкер бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин шайланган депутаты деп таанылат».
Бир мандаттуу №3 Кадамжай шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралуу №3 Кадамжай округдук шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 7-декабрындагы протоколунун негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 37-беренесинин 4-бөлүгүнө, 64-беренесинин 51-бөлүгүнө ылайык, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3-беренесин, 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 26-пунктун, 8-беренесин жетекчиликке алып,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бир мандаттуу №3 Кадамжай шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоо болуп өттү деп таанылсын.
2. Атажанов Ырысбек Ысламович бир мандаттуу №3 Кадамжай шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин шайланган депутаты деп таанылсын.
3. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жөнөтүлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т. Шайназаровго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш. 2021-жылдын 12-декабры
№821