12.12.2021 №820 Бир мандаттуу №2 Баткен шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоо натыйжалары тууралуу

 

“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-августундагы №370 Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо  2021-жылдын 28-ноябрына дайындалды.

“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттарын шайлоону өткөрүү боюнча шайлоо округдарынын схемасы жана чек аралары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын  5-сентябрындагы №684 токтому менен бир мандаттуу №2 Баткен шайлоо округунун схемасы жана чек арасы бекитилди.

Бир мандаттуу Баткен шайлоо округунда добуш берүүнү өткөрүү үчүн 80 шайлоо участогу түзүлгөн. 

Бир мандаттуу №2 Баткен шайлоо округу боюнча шайлоочулардын тизмесине 101 836 шайлоочу киргизилген, алардын ичинен 35 462 шайлоочу добуш берүүгө катышты, бул 34,82 %ды түздү.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бир мандаттуу №2 Баткен шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына төмөнкү 10 талапкерди каттады:

 

  1. Салихов Кеңеш Каримович;  
  2. Төлөмүшов Бегали Пирмаматович;
  3. Артыкбаев Гыламидин Үрүстөмович;
  4. Аширалиев Чынтемир Камчыбекович;
  5. Юсупалиев Мунарбек Худайбердиевич;
  6. Абылкасым уулу Канатбек;
  7. Дыйканов Максатбек Дыйканович;
  8. Мадалиев Асылбек Алтымышович;
  9. Ражабалиев Нурлан Аскаралиевич;
  10. Аркабаев Номанжан Акматович;

Бир мандаттуу №2 Баткен шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде 2 арыз түштү. Түшкөн арыздар каралып чыкты жана алар боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечимдер кабыл алынды.

Бир мандаттуу №2 Баткен шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралуу Баткен округдук шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 8-декабрындагы протоколунун маалыматтарына ылайык:

 

  • Салихов Кеңеш Каримович 3188 (8,9 %) добуш алды;  
  • Төлөмүшов Бегали Пирмаматович 5099 (14,3 %) добуш алды;
  • Артыкбаев Гыламидин Үрүстөмович 2472 (6,9 %) добуш алды;

-  Аширалиев Чынтемир Камчыбекович 6310 (17,7 %) добуш алды;

-  Юсупалиев Мунарбек Худайбердиевич 1224 (3,4 %) добуш алды;

-  Абылкасым уулу Канатбек 1815 (5,1 %) добуш алды;

-  Дыйканов Максатбек Дыйканович 2574 (7,2 %) добуш алды;

-  Мадалиев Асылбек Алтымышович 2251 (6,3 %) добуш алды;

-  Ражабалиев Нурлан Аскаралиевич 6556 (18,4 %) добуш алды;

-  Аркабаев Номанжан Акматович 1605 (4,5 %) добуш алды;

- “Баарына каршы” позициясы үчүн  1378 (3,8 %) добуш берилди.

 

“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 64-беренесинин 51-бөлүгүнө ылайык, «Ушул бир мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын кыйла көп добушун алган талапкер бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин шайланган депутаты деп таанылат».

Бир мандаттуу №2 Баткен шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралуу №2 Баткен округдук шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 8-декабрындагы протоколунун негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 37-беренесинин 4-бөлүгүнө, 64-беренесинин 51-бөлүгүнө ылайык, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын  3-беренесин, 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 26-пунктун, 8-беренесин жетекчиликке алып,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Бир мандаттуу №2 Баткен шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоо болуп өттү деп таанылсын.

2. Ражабалиев Нурлан Аскаралиевич бир мандаттуу №2 Баткен шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин шайланган депутаты деп таанылсын.

3. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жөнөтүлсүн.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т. Шайназаровго жүктөлсүн.

 

 

ТӨРАГА                                                                       Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш. 2021-жылдын 12-декабры

№820