12.07.2023 №66 2023-жылдын 10-сентябрына дайындалган № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын кайра шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасын бекитүү жөнүндө
«№26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын кайра шайлоону дайындоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2023-жылдын 12-июлундагы №66 токтомуна ылайык, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 40-беренесин, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4,8,14 беренелерин, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 25-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2023-жылдын 10-сентябрына дайындалган № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын кайра шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасын 13 208 800 (он үч миллион эки жүз сегиз миң сегиз жүз) сом суммасында 1-тиркемеге ылайык бекитилсин,анын ичинде:
1) Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын чыгымдарынын сметасын, анын ичинде 2023-жылдын 10-сентябрына дайындалган № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын кайра шайлоого жана өткөрүүгө зарыл болгон борборлоштурулган сатып алууларды шайлоо комиссияларынын жүзөгө ашыруусу үчүн каражаттар (2- тиркеме)
2) 2023-жылдын 10-сентябрына дайындалган № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын кайра шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасы (3-тиркеме).
2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын пландоо, эсеп, отчеттуулук бөлүмү Финансы министрлиги менен өз ара аракеттешип, № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын кайра шайлоону жана өткөрүүнү каржылоону уюштурсун, бөлүнгөн республикалык бюджеттин каражаттарын тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына бекитилген сметага ылайык бөлүштүрүүнү камсыздасын.
3. Округдук шайлоо комиссиясы № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын кайра шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө бөлүнгөн республикалык бюджеттин каражаттарын тиешелүү участкалык шайлоо комиссияларына бөлүштүрүүнү камсыздасын, бекитилген сметага ылайык аларды финансылык жактан камсыздоону уюштурсун жана ал каражаттардын максаттуу пайдаланылышына контролдоо жүргүзүүнү камсыздасын.
4. Шайлоо комиссиялары № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын кайра шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө акча каражаттарын бөлүнгөн каражаттардын чегинде бекитилген сметага ылайык чыгымдайт.
5. Округдук жана участкалык шайлоо комиссияларынын төрагалары акча каражаттарын тескешет, финансы документтеринин шайлоо комиссияларынын финансы маселелери боюнча чечимдерине ылайыктуулугу жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына финансылык отчетторду мыйзамда белгиленген мөөнөттө жана тартипте берүү үчүн жоопкерчилик тартышат.
6. Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү тобу № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын кайра шайлоону даярдоо жана өткөрүү үчүн шайлоо комиссияларына бөлүнгөн республикалык бюджеттин каражаттарынын максаттуу пайдаланылышына контролдоо жүргүзсүн.
7. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жөнөтүлсүн.
8. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
9. Бул токтомдун аткарылышына контролдоо жүргүзүү Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У. Шайназаровго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек шаары, 2023-жылдын 12-июлу
№ 66